Аталган иш-чара Жумгал райондук С. Байгазиев атындагы китепканада уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө китепкананын кызматкерлери «Манас» эпосуна байланыштуу китептердин көргөзмөсүн тааныштырышты. Ошондой эле, сот кызматкерлери «Манас» үчилтиги жөнүндө кызыктуу баяндамаларды жасашты.
Кыргыз элинин залкар манасчысы Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» эпосунан үзүндүнү видеоформатта угууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле, кызматкердин аткаруусунда эпостон үзүндүнү жандуу
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бекитилген иш-планга ылайык, Нарын облустук сот тутумундагы сот мекемелеринде «Манас» угуу декадасынын алкагында иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы.





















