Урматтуу теңир-тоолуктар!
Сиздерди Нарын облустук сот тутумунун атынан 2026-Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Узап бараткан жылда облустук сот тутуму Нарын жергесинде сот адилеттигин, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу багытында жоопкерчилик менен талыкпай эмгектенди.
Өлкө башчысы Жапаров Садыр Нургожоевич, Жогорку соттун төрагасы Сатыев Медербек Асанбекович тарабынан жүргүзүлүп жаткан сот, укуктук реформасы Нарын облустук сот тутумунда да ийгиликтүү ишке ашырылууда.
Ар бир судьянын милдети — адилеттүү, мыйзамдуу жана негиздүү чечимдер менен элдин сот тармагына болгон ишенимин арттыруу болуп саналат.
Мекенибизде тынчтык өкүм сүрүп, 2026-жыл жалпы элибиз үчүн акжолтой жыл болсун!
Сиздерге бекем ден соолук, чексиз бакыт, зор жетишкендиктерди каалайм! Ар бириңиздердин алдыга койгон максаттарыңыздар ишке ашсын.
Урматтоо менен,
Нарын облустук сотунун төрагасы К. А. Абдыкадыров.





