KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

9-Май - Жеңиш күнүн карата куттуктоо

09 мая 2026

Урматтуу мекендештер!


 Сиздерди 9-Май — Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!


Бул улуу күн — ата-бабаларыбыздын каармандыгын, кайраттуулугун жана мекен үчүн жасаган өлчөөсүз эрдигин эскерген ыйык майрам. Элдердин достугу, биримдиги жана ынтымагы аркылуу келген Жеңиш бүгүнкү бейпил турмушубуздун негизи болуп саналат.


 Мекен үчүн жанын аябай күрөшкөн, Жеңишти жакындатууга салым кошкон баатырлардын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт.


 Ар дайым жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, элибизде ынтымак, береке жана молчулук болсун деп тилек кылабыз.


 Улуу Жеңиш күнү кут болсун!