KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Ак-Талаа райондук сотунда "Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик" уңгужолуна арналган иш-чара өткөрүлдү

22 сентября 2025



Ак-Талаа райондук сотунда «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган иш-чара өткөрүлдү. Уңгужолдун бир багыты катары мамлекеттик тилди өнүктүрүү эсептелет. Андыктан, Ак-Талаа райондук сотунда өткөрүлгөн бул иш-чарада мамлекеттик тил саясаты жана аны өнүктүрүү жаатында маалыматтар айтылды. Аталган соттун төрагасы Э.Раимкулов кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамы жөнүндө кызматкерлерге баяндама жасады.




Төрага өз сөзүндө: “Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамынын берилиши – адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгонун” белгилеп өттү.




Бөлүм башчысы С.Байкелова, судьянын улук катчысы Н.Шалтаева, улук сот приставдары Б.Машарипов, А.Жакыпбеков, архивариус А.Ологоева жана иш алып баруучу Т.Турдубекова кыргыз тили жөнүндө белгилүү акындардын ырларын көркөм окуп беришти. Ошондой эле, сот отурумунун катчылары М.Жолдубаев менен А.Доктурбекова тилге байланыштуу макал-ылакаптарды айтып, чечмелешти.




Өз кезегинде райондук соттун ар бир кызматкери кыргыз тилин өркүндөтүүгө өз салымын кошуп, эне тилин сактап, даңктоого чакырык жасалды.