KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Ат-Башы райондук сотунда "Манас" угуу декадасынын алкагында иш-чара өткөрүлдү

19 ноября 2025

Ат-Башы райондук сотунун кызматкерлери катышкан «Манас таануу» боюнча иш-чара Ат Башы райондук Б. Кыдыкова атындагы китепканада өткөрүлдү.




Судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлери аталган китепкананын «Манас» эпосуна жана манасчыларга арналган китеп көргөзмөсү менен таанышышты.




Ошондой эле, Ат-Башы айылындагы К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу, «Манас» үчилтигин жайылтууга байланыштуу өткөрүлгөн бир нече сынактардын жеңүүчүсү Омар Мирланов катышуучуларга «Манас» эпосунан үзүндү айтып берди.




Эске салсак, Президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгын жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бекитилген иш-планга ылайык, Нарын облустук сот тутумундагы бардык сот мекемелеринде «Манас» угуу декадасы өткөрүлүүдө.


Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы.