Аталган адабий-музыкалуу кече «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна жана Мамлекеттик тил күнүнө арналды.
Кеченин жүрүшүндө сот аппаратынын кызматкерлери кыргыз элинин баланы бешикке салуу каадасын сахналаштырып көрсөтүштү. Ошондой эле, мекенчилдикке үндөгөн ырлар көркөм окулуп, обондуу ырлар жаңырды. өз кезегинде улуттук тамак-аштардын жасалышы тууралуу маалыматтар айтылды.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 18-декабрындагы Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу (доктринасы) бекитилген.
Уңгужолдун өзөгүн кыргыз элинин ички күчүн, биримдигин, салт-санаасын жана рухий баалуулуктарын сактоо менен жарандар үчүн туруктуу, коопсуз, бейпил, бактылуу жана бардар турмуш түзө турган күчтүү мамлекетти куруу идеясы түзөт. Ошол эле кезде дүйнөлүк бийиктик – Кыргызстандын эл аралык деңгээлде таанылып, өнүккөн мамлекеттердин катарында болуу максатын дагы көздөйт.