Жыйында салык кызматы тарабынан мамлекеттик алым өндүрүү жана карызкорлордун каза болуп калганын тактабастан сотко жиберген арыздарга байланыштуу маселелер талкууга алынды.
Иш-чарада Ат-Башы райондук сотунун төрагасы У.Шерипов мурдагы жылдарда аткарууга жиберилген сот актылары менен салыштырууну жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Анткени, бүгүнкү күндө Ат-Башы райондук сотунун өндүрүшүндө жогорудагыдай жагдайларга байланыштуу 50дөн ашык арыздар тапшырылган. Ушундан улам аларды карап чечүүдө тоскоолдуктар жаралып жатканы айтылды.