KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Ат-Башы сотунун кызматкерлери Кошой коргон чебине экскурсия кылышты жана "Кошой коргон" музейине барышты

03 ноября 2025

Ат-Башы райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында жайгашкан»Кошой Коргон» этнографиялык музейинде болушту.


Бул этнографиялык музейге кыргыз элинин турмуш-тиричилигине байланышкан көптөгөн археологиялык жана маданий артефакттар коюлган.


Музейдин биринчи кабатында байыркы Кошой-Коргон шаарынын макети бар. Ал эми экинчи кабатында улуттук конструкциясы так сакталган кыргыз боз үйү тигилген.


Мындан тышкары, өткөн кылымдагы жергиликтүү калктын турмуш-тиричилигинде жана маданиятында колдонулган улуттук буюм-тайымдар жана сүрөттөр орун алган.


Ошондой эле, судьялар жана сот кызматкерлери байыркы Кошой коргон чебине экскурсия кылышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Суу айылындагы К. Карпеков орто мектебинин тарых мугалими Болотбек Кубанычбеков Ат-Башы өрөөнүндөгү тарыхый жайлар, анын ичинде Кошой коргон чеби жана анын тарыхый мааниси жөнүндө кеңири маалымат берди.


Эске салсак, Нарын облустук сотунун тутумундагы бардык сот мекемелеринде «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашырууга багытталган кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, жалпы улуттук баалуулуктарын сактоого жана даңазалоого арналган иш-чаралар байма-бай өткөрүлүүдө.