-Албетте, болбойт. Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 303-беренесинде каралган.
Аталган беренеде олуттуу өлчөмдө зыян келтирген мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо же болбосо корголуучу же жашылдандыруу чөлкөмдөрүндө дарактарды жана бадалдарды алардын өсүүсүн токтото турган деңгээлге чейин мыйзамсыз кыюу же бүлүнтүү, ошого тете ар кандай жерлерде өзгөчө корголуучу дарактардын, же болбосо өзгөчө баалуу дарак түрлөрүнүн алардын өсүүсүн токтото турган деңгээлге чейин мыйзамсыз кыюу же бүлүнтүү,
—
эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Ошондой эле, ири өлчөмдө зыян келтирген ошол эле жосундар, -1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы тарабынан даярдалды.




