3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүнө карата Ат-Башы райондук сотунун эмгек жамааты райондун айрым тургундарына кайрымдуулук иштерин жүргүзүшүүдө.
Аталган мекеменин кызматкерлери бүгүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар Ача-Кайыңды айылынын тургуну Айдаракунов Бактыбектин жана Ат-Башы айылынын тургуну Аскалиев Бакытбектин үйлөрүнө барышып, алардын акыбалдарын сурап, жылуу тилектерди билдиришти.
Тургундардын үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк, белек-бечкектерди тапшырышты.
Белгилей кетсек, 1992-жылы майыптардын он жылдыгынын аягында (1983-1992) Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясы №47/3 резолюциясы менен 3-декабрды Эл аралык майыптар күнү деп жарыялаган.
Жарлык майыптыгы бар адамдарды коомдун түзүмүнө киргизүү, өнүктүрүү, майыптар жөнүндө билимди жогорулатуу жана колдоо максатын көздөгөн.