Акыркы учурларда өлкөбүздө санариптешүү мезгили жүрүп жаткандыктан, элдин көйгөйлөрү ачыкка чыгып, сотко арыздануулар көп болууда. Ошол көйгөйлөрдүн актуалдуусу — ээлик кылуунун эскиргендигине байланыштуу менчик укугун таануу жөнүндөгү доолор.
Жарандар ээлик кылуунун эскиргендигине байланыштуу менчик укугун таануу жөнүндөгү доо арыз менен кайрылууда, маалыматтын жетишсиздигинен доо арыздарын туура эмес жагдайларда берип жаткандыгы кескин көбөйүүдө. Ошондой көйгөйлөрдү жоюу максатында төмөндөгү маалыматтарды берүүнү чечтим.
Ээси жок мүлккө болсун, ошондой эле белгилүү бир жактын менчик укугундагы мүлккө да, анын менчик ээси болбогон башка жак тарабынан (гражданин же юридикалык жак) ээлик кылуунун эскиргендиги себептүү менчик укугу алынышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 265-беренесине ылайык, мүлктүн ээси болуп саналбаган, бирок, он беш жыл бою кыймылсыз же беш жыл бою башка мүлктүн ээсимин деп өзүн ак ниеттүүлүк менен, ачык санаган граждан же юридикалык жак ал мүлккө (ээлик кылуунун эскиргендиги боюнча) ээлик кылуу укугун алат.
Демек, ээлик кылуунун эскиргендиги боюнча менчик укугунун пайда болушунун негиздерин көрсөткөн болуп төмөнкүлөр болуп саналышат:
- буюм менен узак убакыт, ачык жана үзгүлтүксүз ээлик кылуу;
- мүлк менен өзүнүн менчиги катарында ээлик кылуу;
- мыйзамда же келишим себептүү ээлик кылууга укугу болбогон жактын мүлк менен ээлик кылуусу;
- кыймылсыз мүлк үчүн мөөнөттөр — 15-жылдын ичинде, ал эми кыймылдуу мүлккө — 5-жылдын ичинде;
- ээлик кылуу иш жүзүндө акниеттүү болушу зарыл.
Ак ниеттүүлүк, ээлик кылуучу өзүнүн ээлигинин укуктуулугуна ишенгендикти, мүлктү алган негизди ага менчик укугун алууга жетиштүү деп эсептегенди түшүндүрөт.
Мындай ишенүү мүлктүн келип түшкөн убактысына гана эмес, ишеним бардык ээлик кылуу мөөнөтүнүн ичинде орун алышы керек.
Ээлик кылуучу жакка анын мүлк менен ээлик кылуусу укуксуз экени билингенден баштап эскиргендик мөөнөтүнүн жүрүүсү токтотулат.
Ак ниеттүүлүк, алгачкы ээлик кылуучудан гана эмес, анын укук улантуучусунан да талап кылынат. Эгерде, укук улантуучу мүлк башка бирөөгө тийиштүү экенин билсе, бул факты укук улантуучуга эскиргендик мөөнөт өткөндөн кийин билингенден башка учурда, анда ээлик кылуунун эскиргендигин колдонуу үчүн керектүү шарттардын бири жараксыз болот.
Мүлктү мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында ээлеп алса ээлик кылуучунун ак ниеттүүлүгү болбойт, ал болсо эскиргендик боюнча менчик укугун алуу мүмкүн эместигине алып келет.
Эгерде, мүлктүн менчик ээси болбогон гражданин же юридикалык жак, ак ниеттүү, ачык жана узак убакытта укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документи жок жер участогу менен пайдаланып келсе, ал бул жер участогуна менчик укугун ала албайт, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 265-беренеси менен каралган, ээлик кылуунун эскиргендиги, жер участокторуна жайылтылбайт.
Жер участогунун мамлекеттик каттоосу бар же жоктугуна көз карандысыз, менчик ээсинин же жер пайдалануучунун жер участогуна укугу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган укук белгилөөчү документтин (чечимдин, токтомдун) негизинде пайда болот.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер участогун менчикке берүүдө, жер тилкесине болгон укугун күбөлөндүрүүчү документ болуп жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт саналат.
Ыйгарым укуктуу орган тарабьнан жер участогу пайдаланууга берүүдө жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер болуп томөнкүлөр саналышат:
- мөөнөтсүз (мөөнөт көрсөтүлбөгөн) жер пайдаланууда — жер участогу менен мөөнөтсүз (мөөнөт көрсөтүлбөгөн) пайдалануу мамлекеттик акты;
- мөөнөттүү (убактылуу) жер пайдаланууда — жер участогу менен убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк же ижара келишими.
Жер участогуна укук күбөлөндүрүүчү документтер укук белгилөөчү актылардын (чечимдин, токтомдун) негизинде берилерин эсте тутуу керек.
Мыйзам менчик укугунун пайда болушун байланыштырган жагдайлар, ээлик кылуунун эскиргендиги себептүү, бул жагдайлар тууралуу соттун тыянактары, негизделген далилдерди көрсөтүү менен, соттун чечиминин жүйөлөмө бөлүгүндө аныкталышы зарыл.
Мүлк менен иш жүзүндө ээлик кылган жак, ээлик кылуунун эскиргендигинин мөөнөтү боюнча соттук тартипте аны бул мүлктүн менчик ээси деп таанууну талап кылууга укуктуу.
Бирок, мындай жак ак ниет сатып алуучу же аны ак ниеттүү сатып алуучу деп таануунун негизинде пайда болгон анын карамагындагы мүлккө менчик ээси деп таануу жөнүндө доо менен сотко кайрыла албайт. Ак ниет сатып алуучунун ээлик кылуусун коргоо аны менчик ээси деп таануу жолу менен эмес, менчик ээсинин өзүнүн мүлкүн суратып алып алуу укугун (виндикацияны) чектөө менен ишке ашырылат. Менчик ээсине кыймылсыз мүлктү суратып алып алуу доосун канааттандыруудан баш тарткан соттун чечими, ошол эле убакта ак ниет сатып алуучунун мүлккө болгон менчик укугунун пайда болуусуна алып барат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2020-жылдын 29-майындагы токтомунун 12-пунктунда көрсотүлгөндөй, кыймылсыз мүлккө менчик укугунда ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө фактылары сот тарабынан, эгерде арыз берүүчүдө мүлктүн ага таандуулугу жөнүндө укук аныктоочу документи болуп, бирок ал жоголуп кеткен болсо жана мындай фактыны соттон тышкаркы тартипте аныктоо мүмкүн болбосо гана белгиленет. Укук аныктоочу жана тастыктоочу документтери жок туруп жер тилкени ак ниеттүүлүк менен, ачык жана тынымсыз колдонуп келген жаранга жер тилкесине менчик укук фактысы ээлик кылуунун эскиргендиги боюнча аныкталууга жатпайт.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 44-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, имараттар менен курулуштар ушул имаратка жана курулушка бекитилип берилген жер участогуна укуктан ажыратылбайт.
Ушул эле Кодекстин 46-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, бир нече квартира жана (же) киши жашабаган жайлар жайгашкан үйдүн алдындагы жер участогу бөлүнбөс болуп саналат жана квартиралардын жана (же) киши жашабаган жайлардын (көп квартиралуу турак үй) менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчик укугунда таандык болот.
Ушул эле Кодекстин 4-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, токой, суу фондуларынын жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери, запастагы жерлер, чек ара зонасындагы жерлер, анын ичинде Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлери, жайыттар жана жеке менчикке жана муниципалдык менчикке берилбеген жерлер мамлекеттин менчигинде болот.
Андыктан жарандарга, ээлик кылуунун эскиргендигине байланыштуу менчик укугун таануу жөнүндөгү доолор менен кайрылууда жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларды эске алуу менен сотко карылууну маалымдайм.
Турдумбетов М.Ш., Нарын райондук сотунун төрагасы