Мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн күнүнө карата сот адилеттигин турмушка ашырууда кошкон салымы жана өздөрүнө тагылган милдеттерди ар дайым жоопкерчиликтүү аткарышкандыктары үчүн Нарын облустук сотунун Ардак грамоталары жана Грамоталары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин Ардак грамоталары менен Нарын облустук сотунун бир катар кызматкерлери сыйланышты.
Сыйлыктарды Нарын облустук сотунун төрагасы Кайридин Бакиров тапшырып, сыйлык ээлеринин андан аркы иштеринде ийгиликтерди каалады.