Нарын облустук сотунда судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы пробация департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 109-1-беренеси менен электрондук байкоону колдонуу, мобилдик көзөмөл жөнүндө маалымат берилди.
Аталган беренеде электрондук байкоо жүргүзүү түрүндө бөгөт коюу чарасы каралган.
Маалыматка караганда, 2024-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын №49 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилген.
Пробация бөлүмүнүн башчысы М.Дөөтүгулованын айтымында, азыркы учурда Бишкек шаарында, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунда жана Ош шаарында электрондук байкоо түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынган айыпталуучуларга мониторинг жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, КР ЖПКнын 109-1-беренесин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №237 токтому менен «Электрондук байкоо жүргүзүүнү аткаруу, контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдалануу тартиби жана шарттары» бекитилген.
Жыйын «Мониторингди колдонуудагы укуктук жана административдик жол-жоболор» жана «Электрондук мониторинг системасын пайдалануудагы кызматкерлердин милдеттери жана ыйгарым укуктары» боюнча суроо-жооптор менен коштолду.
Электрондук мониторинг — укук бузуучулардын жүрүм-турумун реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, коомго кошууга көмөкчү болот.