Өлкөдөгү сот-укуктук реформасы, Ат-Башы райондук сотунда сот адилеттигин ишке ашыруу багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу Ат-Башы райондук сотунун төрагасы У. Шерипов менен маектештик.
-Ат-Башы райондук сотуна жергиликтүү тургундар көбүнчө кандай маселелер менен кайрылышууда?
— Сот бийлиги — бийликтин үчүнчү бутагы болуп эсептелет. Соттордун эң негизги максаты — сот адилеттигин ишке ашыруу. Жергиликтүү тургундар көбүнчө мүлктүк, үй-бүлө мамилесиндеги, эмгек мамилесиндеги жана башка чөйрөлөрдөгү жана мурастык укук талаш-тартыштары, ажырашуу, алимент өндүрүү, баланын атасын аныктоо, эмгек боюнча, ошондой эле, доо өндүрүү жаатындагы арыздар менен көп кайрылышат.
— Өлкөдөгү сот-укуктук реформасынын жүрүшүндө соттордун ишин санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багытта сиздерде аткарылып жаткан иштерге токтолсоңуз.
— Санариптештирүү Ат-Башы райондук сотунда дагы ийгиликтүү ишке киргизилип жатат. Бул бир гана экономика, бизнес жана калктын калың катмарын гана эмес, сот тутумун дагы өзүнө камтый тургандыгы анык. Бул багытта сот тутуму дагы четте турбай, сот өндүрүшүн толугу менен электрондоштурууга бел байлады. Санариптештирүү бардык сот коомчулугуна жана соттордун бардык инстанциясына таасирин тийгизе тургандыгы белгилүү. Андыктан, сот тутуму тездик менен болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн артта калбашы керек.
2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерин, “Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” максаттуу программасын ишке ашыруу, ошондой эле, сот системасын ачык-айкындуулук менен камсыз кылуу максатында бүгүнкү күндө сот жыйынын жүрүшүн аудио-видео жаздырууну камсыздоо иштери жүрүп жатат. Аталган система сотто катышуучулар тарабынан болгон бузууларды гана азайтпастан, күбөлөр менен шектүүлөрдү алыстан суракка алууга, аларды ташып келүүдөгү чыгымдарды азайтууга жана сот өндүрүшүнүн ыкчам, жеткиликтүү жана ыңгайлуу болуусуна мүмкүнчүлүк берет.
Ар бир сотто республиканын башка жергиликтүү соттору жана жаза аткаруу мекемелери менен байланыштыра турган атайын жабдыктар орнотулган, онлайн режимде процесстерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Айыпталып жаткан адамды сотко алып келбей эле убактылуу кармоочу жайдан, ал эми күбөлөрдү жана эксперттерди башка аймактардан чакыртып отурбай эле, аралыктан видеоконференц байланыш аркылуу суракка алууга болот. Бул өз кезегинде соттук иштерди кароонун тездетилишин жакшыртып, жарандар үчүн сот өндүрүшүнүн ыңгайлуулугу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.
Мындан тышкары, иштерди электрондук каттоо жана электрондук учеттук –статистикалык карталарды түзүү, соттун автоматташтырылган маалыматтык системасы, сот системасындагы соттордун ишинин натыйжалуулугун жана сапатын, сот системасындагы процесстердин ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Бул система сотко арыз берген учурдан баштап, анын ичинде бардык материалдарды, сот отурумундагы процесстик документтерди жана иш боюнча кабыл алынган соттук актыларды электрондоштурууну карайт.
Учурда автоматташтырылган маалымат системасы программасынын каттоо модулу республикадагы биринчи инстанциядагы бардык сотторго киргизилди.
Электрондук сот өндүрүшү сот адилеттигин жүзөгө ашырууга, мыйзамда каралган мөөнөттө ишти чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, бюрократиялык көрүнүштөрдү жоёт жана коррупцияга бөгөт коюлуп, сот системасынын ачык-айкындуулугун жүзөгө ашырат. Сот өндүрүшүнө катышкан тараптардын байланышын чектеп, жыйынтыгында соттордун ишинин натыйжалуулугу жогорулайт.
Дагы бир артыкчылык катары — Кыргыз Республикасынын сот тутумунда ишти автоматтык бөлүштүрүү системасы ийгиликтүү колдонулуп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Бул системаны сот өндүрүшүндө колдонуу, сотко иш кабыл алынган күндөн баштап аны бөлүштүрүү, сот отурумдарды дайындоо жана сот актысы чыгып, жарыяланып, анан материалдар канцелярияга тапшырылганга чейинки процедуралардын баары ачык-айкын катталып, соттордун өзүн-өзү көзөмөлдөөсүн камсыз кылат. Бул жерде ишти мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөтүндө кароо негизсиз жылдырылса же сот отурумдары атайылап создуктурулса, анда анын чыныгы себептери монитордон көрүнүп калат. Ишти кайсы судья карай турганын алдын ала билүүгө мүмкүн болбойт жана ага таасир этүүгө жол берилбейт. Бул жерде соттук иштер соттордун адистешүүсүнө жараша баарына бирдей, туура бөлүштүрүлүшү да маанилүү.
Сот системасынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу багытында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бир катар иштер жасалууда. Айтсак, калкты сот ишмердүүлүгү боюнча маалымат менен камсыз кылуу максатында sot.kg сайты туруктуу түрдө иштеп, ал эми act.sot.kg сайтында сот иштери, сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө маалымат жана соттук актылар жарыяланып турат. Сот системасында мындай тажрыйбаны колдонуу судьялардын соттук актыларды кароодогу жоопкерчилигин жогорулатып, иштин сапаттуулугуна өбөлгө болот.
Электрондук сот өндүрүшүн сот системасына киргизүү сот тармагын реформалоодогу багыттардын бири болуп эсептелет. Эл аралык донорлордун жардамы менен учурда бул багытта бир топ иштер аткарылды.
Электрондук сот өндүрүшү, биринчиден, иштин жүзөгө ашуусун жогорулатат жана мыйзамда каралган мөөнөттө ишти чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Экинчиден, бюрократиялык көрүнүштөрдү жоёт жана коррупцияга бөгөт коюлуп, сот системасынын ачык-айкындуулугун жүзөгө ашырат. Сот өндүрүшүнө катышкан тараптардын байланышын чектеп, жыйынтыгында соттордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатат. Баардык сотторго заманбап технологияны колдонууну киргизгенбиз. Ал технология бизге түшкөн иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрөт, тактап айтканда, бизге келип түшкөн ар бир ишти автомат судьяларга бөлүштүрөт. Буга чейин бул функцияны төрага аткарып, кол менен жазып, бөлүштүрчү. Ал эми карала турган иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү сотторго болгон жүктөмдү жөнгө салат, натыйжада субьективдүүлүк чектелет. Тиги же бул судьяга берилсин деген тандоо болбойт. Муну менен иштерди обьективдүү кароого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Жаңы санариптик технологияларды колдонуу жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, сот адилеттигине жетишүүдөгү ачык–айкындуулукту камсыздап, судьялардын арасында коррупциянын болушун азайтып, соттордун ишти кароосун тездетет. Сот тутумун реформалоонун алкагында жүргүзүлүп жаткан мындай иштер өз жемишин берет деген терең ишеним бар.
—Ат-Башы райондук сотунда сот адилеттигин ишке ашырууда кандай көйгөйлөр орун алууда? Буларды чечүү үчүн кандай аракеттер жасалып жатат.
-Ат-Башы райондук сотунда АИС программасы ишке киргизилген, бирок, айрым учурларда система иштебей, катып калып, ишти үзгүлтүккө учуратып, сотко түшкөн доо арыздар жана башка иштер катталбай калууда. Ар бир арыз жана башка иштердин кароо мөөнөтү көрсөтүлгөндүктөн, иштер катталбай, судьяларга бөлүнбөй калган учурлар катталган. Бул боюнча Адилет сотко кайрылып, келип чыккан маселелер убактысынан кечиктирилбестен чечилүүдө. Облустук сот департаменти оргтехника боюнча жана башка суроо-талаптарыбызды учурунда аткарып келет.
—Учурда мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан сот укуктук реформасы канчалык деңгээлде жемишин берип жатат деген ойдосуз?
— Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актылары эгемендик кезинде иштелип чыккандыктан, учурда коомдун талабына жараша өзгөрүүлөргө муктаж болгон. Ал эми бул тармакты санариптештирүү жарандарга чечимдердин ачык-айкын болуусун камсыздады. Сот тармагындагы мындай өзгөрүүнү коомчулук күткөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы соттук реформа боюнча кеңештин демилгеси менен 2019-жылдан тартып 5 кодекс менен 2 мыйзам, тактап айтканда, соттук-укуктук реформанын алкагында Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекси, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс, Укук бузуулар тууралуу кодекс жана “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдар күчүнө кирип, учурда сот өндүрүшүндө кабыл алынган мыйзам актылары колдонулууда.
Жаңы кодекстер менен мыйзамдардын кабыл алынышы бул тармактагы айрым жагдайларды жеңилдетти. Алсак, мурда айыптоочуга көбүрөөк укук берилсе, реформалоодон кийин жактоочу менен айыптоочунун укугу теңдештирилди жана буга чейин Жазык-процесстик кодексинде 441 статья болсо, эми жаңы Кодекс боюнча 535 статья, ошондой эле жаңы институт болуп кирген тергөө судьясы 43 статьяны колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Ал эми сот тармагын санариптештирүүнүн алкагында жогоруда айткандай, сот залдарында орнотулган видео камералар менен аудио үн жаздыргычтар сот өндүрүшүнүн ачык-айкын болуусун шарттап, коррупциянын алдын алууга ыңгайлуу жагдай жаралды. Бул Кодекстердин айырмачылыгы мыйзамдарды гумандаштыруу, жазык-процессин азыркы эл аралык талапка жараша жаңылатуу болду. Кодекстердеги бир топ нормалар жаңыланды, айрымдары мурдагыдай калды. Кээ бир жоболор жаңыча өзгөртүлдү. Мисалы, Жазык-процессинде эки гана стадия болот. Сотко чейинки өндүрүш, анан соттон кийинки өндүрүш. Сотко чейинки өндүрүштө соттук көзөмөл коюлуп, тергөө стадиясына көзөмөл күчөтүлдү. Сот стадиясында дагы тараптарды жараштыра турган жаңы нормалар киргизилген. Мындан тышкары, күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташам десе, андай процедурага дагы жол берилген. Жаңы кодекстерде коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт кое турган жагдайлар жаралып, ар бир сот отуруму жаздырылып турат, тараптардын катышуусу кеңейтилди. Айта турган болсок, бөгөт коюу чарасы каралганда мурдагы мыйзамдар боюнча тараптар катышчу эмес, азыр тараптардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Ал эми атаандаштык процесси деп коет, прокурор коюлган күнөөнү далилдөөгө аракет кылат, жактоо жагы аны жокко чыгаруу аракетин көрөт. Ушулар жаңы жоболор менен толукталды.
Жаңы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралып, аларга бирдиктүү реестр, тергөө судьясы, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирди. Эске салсак, буга чейин соттук же укуктук реформа өз-өзүнчө жүргүзүлүп келген. Жогорку соттун соттук реформанын алкагында соттордо автоматташтырылган маалымат системасынын киргизилиши соттордун ишмердүүлүгүн бир кыйла жеңилдеткенин, сотторду автоматташтыруу жана маалыматташтыруу маанилүү экендигин белгилеген.
-Маегиңизге ырахмат!