Кадырман теңир-тоолуктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилден куттуктайбыз!
Байыртадан эркиндикти, көз карандысыздыкты туу туткан, тарыхы терең, көрөңгөлүү кыргыз элинин асманы ар дайым ачык болуп, кызыл байрагы түбөлүк желбиреп турсун!
Журтубуздун беш салаадай биригип, бир муштумдай түйүлгөн ынтымагын сактоо, мамлекетибиздин бүтүндүгүн коргоо – ар бир жараныбыздын ыйык милдети.
Биз өлкөбүздүн бакубатчылыгы, гүлдөп-өнүгүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарыбызды так сактап, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого күн сайын умтулушубуз керек.
Заманга жараша өзгөрүүлөрдүн шартында, жаңылануулардын жолунда кийинки урпактарга өнүккөн, ийгиликтүү, күчтүү мамлекетти мурас катары калтырууга бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз зарыл.
Ушул майрам күнү жалпыңыздарга бекем ден соолук, чексиз бакты-таалай, зор ийгиликтерди, албан жакшылыктарды каалайбыз!





