Ат-Башы райондук сотунун судьялары сот аппаратынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка мыйзам ченемдерин жетекке алып, сотко кайрылган адамдардын талаштарын өз убагында калыстык менен чечип берүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшап келишет. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн, аталган соттун ишмердүүлүгү жөнүндө Ат-Башынын бир катар тургундарынын пикирлерин уктук. Төмөндө бул пикирлерге орун беребиз.
Байтокова Зинагүл, Ат-Башы районунун тургуну:
-Ат-Башы райондук сотунун судьялары Кайрат Абдисаматов, Улан Шерипов эң жакшы судьялардан болуп эсептелишет. 2024-жылы Ат-Башы райондук соту – “Жылдын мыкты соту” болуп табылган. Мен аталган райондук сотундагы сот отурумуна жарандык өкүл болуп катышып, сот кызматкерлеринин ишин көрүп, күбө болдум. Жарандардын ой-пикирлерин сурамжылоо тактасы орнотулган. Ат-Башылыктар райондук сот мекемесинин ишине абдан ыраазыбыз.
Казиева Клара, Ат-Башы айылынын тургуну:
-Ат-Башы райондук сотунун ишмердүүлүгү боюнча жакшы ойду айткым келет. Себеби райондун тургундары сотко кайрылган учурда кызматкерлер илбериңки кабыл алып, так, убагында жооп беришет.
Айсулуу Бейшенбек кызы, Ат-Башы айылынын тургуну:
-Ат-Башы райондук сотунун ишмердүүлүгүнө “эң жакшы” деген баа берем. Себеби, айыл тургундары кандай маселелер менен кайрылбасын, адилеттүү чечимдерди чыгарышат. Райондук сот жөнүндө элдин пикирлери абдан жакшы.
Абдыкадыр Сабырахунов, Ат-Башы айылынын тургуну:
-Ат-Башы райондук сотуна ыраазычылыгымды билдирем, анткени, бир иш менен кайрылганымда, сот өз убагында, адилеттүү чечип берди. Келген тараптардын убактыларын албастан, көп создуктурбай чечкенге аракет кылышат. Мекемеде эл топтолуп, кезек күткөндөр болбойт. Өз иштерин так, жоопкерчилик менен аткарышат.
Борис Абдрахманов, Ат-Башы районундагы Бирлик айылынын тургуну:
— Соттордун иштеген иштери элди канааттандырып жатат. Сот процесстери өз убагында өткөрүлөт, чечимдерди туура, өз убагында чыгарышат. Элге жасаган мамилелери канааттандыраарлык.
Мария Нарманбетова, Ат-Башы райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетектөөчү адиси:
-Биз сот мекемеси менен тыгыз байланышта иштейбиз. Анткени, бизге он сегиз жашка толгондон кийинки аракетке жөндөмү, мүмкүнчүлүгү жок адамдардын бардыгын камкордукка өткөрөбүз. Бул багытта сот тарабынан бизге толук жардамдар көрсөтүлүп турат. Ал жакта иштеген кызматкерлердин бардыгы кичипейил, сылык мамиле кылышат. Бардык сот процесстери убагында каралып, туура чечимдер чыгарылып турат.
Азамат Эстемесов, “Скайхоум” ЖЧК өкүлү:
— Компания Кытайдан товарларды ташуу менен алектенет. Компанияда болгон окуяга байланыштуу, тагыраагы, бул компанияда иштеген айдоочу катышкан жол-транспорт окуясынан улам бизге Ат-Башы райондук сотуна жарандык иш боюнча доо арыз менен кайрылууга туура келди. Компаниянын өкүлү Бишкек шаарынан Ат-Башыга барып, ишке катышышы керек болду, арийне, бул транспорт чыгымдарын, убакытты да талап кылат, кээде кечигип калган учурлар болуп калат. Буга карабастан райондук соттун судьялары биздин акыбалыбызды туура түшүнүп, кабыл алышты. Аталган ишти объективдүү жана мыйзамдуу карап, создуктурушпай, ыкчам, конкреттүү чечим чыгарып бергенге аракет кылышты. Жалпысынан Ат-Башы райондук сотунун судьяларына, аппарат кызматкерлерине: атап айтканда, катчыларына, канцелярия кызматкерлерине, судьялардын жардамчыларына ыраазычылык билдирем.
Чындыгында иш кагаздарына байланыштуу эч кандай катачылыктарга жол берилген жок, дайыма доо арыздарын берүүдө, соттордун чечимдерин алууда же соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде болсун, ар бир иш өз убагында жүргүзүлүп турду, райондук сотто мындай кызматкерлер иштешкени кубанычтуу.
Мындан ары дагы аталган райондун судьялары жана сот аппаратынын кызматкерлери ушундай ыргакта, мыйзамдуу негизде, өз убагында жана абийирдүүлүк менен иш алып баруусуна тилектешмин.