Кочкор райондук соту тарабынан «Үй бүлөлүк зордук-зомбулукту жана жаш өспүрүмдөргө карата ырайымсыз мамилелерди болтурбоо боюнча ведомстволор аралык иш жүргүзүү» аталышында семинар өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө Нарын облустук сотунун төрагасы К.А.Абдыкадыров үй-бүлөлүк зомбулукту жана жаш өспүрүмдөргө карата ырайымсыз мамилелерди алдын алуу коомдогу көйгөйлүү маселелердин бири экендигине токтолуп, төрага ведомстволук мекемелер жана коомчулук менен биргелешип иш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Кочкор райондук сотунун төрагасы Ө.Р.Сарыбаев өз презентациясында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун Кочкор районунда 2022-2023-жылдарга жана 2024-жылдын 9 айына карата катталуусун баяндап өттү.
Ошондой эле, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Э.З.Чекирбаев, Улуттук медиация борборунун Кочкор районундагы өкүлү медиатор У.Шергазиев, Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Т. Талантбек уулу аталган тема боюнча пикирлерин билдирип, бул багытта аткарылып жаткан иштерге токтолушту.
Иш-чарада зомбулуктун алдын алуу, келип чыгуу себептери талкууланып, кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы.