KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Кайрымдуулук

06 декабря 2024

Кочкор райондук соту тарабынан аз камсыз үй-бүлөлөргө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге карата кайрымдуулук иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.


Жакында 3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүнө карата райондук соттун төрагасы Ө.Р.Сарыбаевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Кочкор айылынын тургуну К.Анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Сот аппаратынын кызматкерлери жарандын саламаттыгынан кабар алып, ага ден соолук каалап, жылуу тилектерин билдиришти.


Белгилей кетсек, 1992-жылы майыптардын он жылдыгынын аягында (1983-1992) Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясы №47/3 резолюциясы менен 3-декабрды Эл аралык майыптар күнү деп жарыялаган.


Жарлык майыптыгы бар адамдарды коомдун түзүмүнө киргизүү, өнүктүрүү, майыптар жөнүндө билимди жогорулатуу жана колдоо максатын көздөгөн.


Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы