KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Кайрымдуулук – түгөнбөгөн казына

16 декабря 2024

Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров, төраганын орун басары Гулбара Кудабаева, бөлүм башчы Сайна Мамырбаева Нарын шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө барып, алардын акыбалдарын сурап, ден соолуктарынан кабар алышты.

Облустук соттун төрагасы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын багуучуларына Нарын облустук сотунун эмгек жамааты тарабынан чогултулган акчалай каражатты тапшырып, үй-бүлө мүчөлөрүнө ден соолук каалап, жылуу тилектерин жолдоду.

Жолугушууда Нарын шаарынын тургуну Жаңыл Абдылдаева 19 жаштагы небереси Амангелдиев Аяттын мүмкүнчүлүгү тубаса чектелгендигин айтып, анын үй-бүлөнүн багуусуна өзгөчө муктаж экендигин белгиледи.

Ал эми Нарын шаарынын дагы бир тургуну 63 жаштагы Алмагүл Тентимишова бала кезинен майыптыкка чалдыккан эки баласын турмуштун кыйынчылыктарына карабастан, өзү жалгыз багып келүүдө.

Ошондой эле, Айнура Ындаеванын 14 жаштагы уулу Даун синдромунан жабыркайт. Ал баласынын ден соолугуна кам көрүү үчүн Нарын районунун Учкун айылынан Нарын шаарына үй-бүлөсү менен бирге көчүп келип, ар кайсы батирлерди баш паанек кылып жашап аткандарына он жылдан ашты.

Ар бир үй-бүлө Нарын облустук сотунун эмгек жамааты тарабынан көрсөтүлгөн жардамга ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, 1992-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы өзүнүн 47/3 резолюциясы менен 3-декабрды “Майыптардын эл аралык күнү” деп жарыялоо менен, коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө майыптуулугу бар адамдардын укуктарын коргоого, алардын көйгөйлөрүнө жалпы коомчулуктун көңүлүн бурууга чакырган.

Статистикалык маалыматтарга караганда, дүйнөдө 1,3 миллиард адам (дүйнөдөгү ар бир алтынчы адам) майыптыктын ар кандай түрү менен жабыркашат.

Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы