KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Камакка алуу эмес, түзөтүү... Пробация жөнүндө эмнелерди билүү керек? Судьянын кеңеши

26 сентября 2024
Сот системасын гумандаштыруунун негизинде Кылмыш-жаза кодексине 2017-жылы пробация түшүнүгү киргизилген. Пробация деген эмне? Ал кандай учурларда колдонулат? Бул тууралуу Нарын шаардык сотунун судьясы Эрматова Гүлзат Муктаровна түшүндүрмө берди.


    Пробация-бул сыноо дегенди билдирет. Мында кылмышка кириптер болгон адамдар обочолонтулбай, абакка камалбай, пробациялык көзөмөлгө алынат. Тагыраагы — бул пробациянын кардарларына социалдык көмөк алууга, алардын түзөлүүсүнө, социалдашуусуна, коомго кайрадан кошулуусуна, укук бузууларды жасоосун алдын алууга багытталган тийиштүү шарттарды түзүп берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү чаралар.

Сот тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде  соттолгон адам  өзүн коомдо алып жүрүүсү сыналып, пробация институту аны менен социалдык иш жүргүзөт. Анын жүрүм-туруму анализденип, кайрадан кылмышка барбай турганы далилдениши керек. Ал өзүн жакшы алып жүрүп, көзөмөлдүк талаптарды  жана жүктөлгөн пробациялык милдеттерди аткарса жана жаңы кылмышты жасабаган соттолгон адам  пробациялык мөөнөтү өткөндөн кийин жазаны өтөдү деп эсептелет. Кайталап кылмыш жасай турган болсо, сот тарабынан пробациялык көзөмөл жокко чыгарылып, жаза дайындалып, жаза мөөнөтүн абакта өткөрөт.

Пробациялык көзөмөл — анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн-бир жылдан үч жылга чейин, ал эми оор кылмыш үчүн- үч жылдан беш жылга чейин белгиленет.


Пробациялык көзөмөл кимдерге колдонулбайт?


Кылмыш-Жаза кодексине ылайык, пробациялык көзөмөл өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгондорго, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгондорго, коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар үчүн соттолгондорго,  конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар үчүн соттолгондорго, уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган кылмыштар үчүн соттолгондорго, жыныстык кол тийбестик жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар үчүн соттолгондорго колдонулбайт. Көрсөтүлгөн чектөө он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган балдарга жайылтылбайт. Ошондой эле, туруктуу жашаган жери жокторго, Кыргыз Республикасында убактылуу жашап турган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга дагы колдонулбайт.


Соттолгон адамга карата кандай көзөмөлдүк талаптар жана пробациялык милдеттер жүктөлөт?


Пробациялык көзөмөл белгиленген соттолгон адам соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып он күндүн ичинде жашаган жери боюнча пробация органына келиши керек. Өлкөнүн чегинен чыкпашы, пробация органына жашаган жери, иши же окуусу жөнүндө, ошондой эле, алар өзгөргөндүгү тууралуу кабарлап турушу, каттоо жана профилактикалык маектешүүгө катышуу үчүн айына эки жолу пробация органдарына келиши керек.

 Пробациялык көзөмөл чараларын колдонуу менен адамды эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөөдөн бошоткон учурда, соттолгон адам соттун өкүмү чыгарылганга чейин алдын ала макулдук берилген учурда алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан же башка адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирген оорудан дарылануу курсунан өтүшү, психикалык активдүү заттарды колдонбошу, белгилүү бир адамдар менен байланышпоосу зарыл. Мындан тышкары, кылмыштын натыйжасында жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун сот аныктаган мөөнөттө толтурушу керек. Белгилүү бир жерлерге барбашы, сот аныктаган убакытта жашаган жеринде болушу, сот белгилеген мөөнөттө ишке орношуусу же окууга өтүшү шарт. Ошондой эле, пробация органы тарабынан дайындалган кайра социалдаштыруу программаларына катышуусу,  багуусунда турган адамдарды багуу боюнча милдеттерин жүзөгө ашыруусу, пробация органынын талабы боюнча сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаргандыгы жөнүндө кабарлоосу зарыл. Сот өз каалоосу боюнча соттолгон адамга түзөтүүгө түрткү берүүчү башка пробациялык милдеттерди аткарууну да жүктөй алат. Пробация көзөмөлү пробация органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Пробациялык мөөнөттүн ичинде сот пробация органынын сунушу боюнча соттолгон адамга мурда белгиленген пробациялык милдеттерди толук же жарым-жартылай алып салышы же болбосо толукташы мүмкүн.


Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы тарабынан даярдалды.


#Кыргыз_Республикасынын_Жогорку_соту #Пробациялык_көзөмөл #Нарын_облустук соту #судьянын_кеңеши