KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Кочкор райондук соту мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара кызматташууну чыңдоодо

25 июня 2026

Кочкор райондук сотунун төрагасы О.Р. Сарыбаев 2025–2026-жылдары мамлекеттик жана муниципалдык органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, укук коргоо органдары, банктар, медиаторлор жана аксакалдар соттору менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү.


Жолугушууларда жер жана эмгек мыйзамдарын колдонуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, медиация институтун өнүктүрүү, сотко доо арыздарды тариздөө тартиби, ошондой эле АИС «Сот» системасы аркылуу соттук процесстин катышуучуларын SMS-билдирүүлөр менен кабарлоо маселелери талкууланып, тиешелүү методикалык жана укуктук түшүндүрмөлөр берилди.


Мындан тышкары, Кочкор райондук сотунда жарандарды жеке кабыл алуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. 2025-жылы соттун төрагасы тарабынан 52 жаран, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 30 жаран кабыл алынган.


Жарандардын кайрылуулары негизинен сотко доо арыз менен кайрылуу тартиби, доо арыздарды тариздөө, мамлекеттик алымдан бошотуу маселелери боюнча болуп, алардын ар бирине мыйзам талаптарына ылайык укуктук кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди.