KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү соттор арасында өткөрүлгөн сынакта Жумгал райондук сотунун командасы 1-орунду ээледи

19 сентября 2025

Нарын облусунун жергиликтүү соттору арасында “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна жана 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө арналган сынак болуп өттү.




Нарын облустук сот департаменти тарабынан уюштурулган иш-чарага Нарын облустук сотунун кызматкерлеринин, Жумгал райондук сотунун, Нарын райондук сотунун, Нарын облусунун административдик сотунун жана Нарын облустук сот департаментинин командалары катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.




Булардын ичинде Нарын облустук сотунун “Мурас” командасы баланы бешикке салуу каадасын сахналаштырып беришип, ошондой эле, элдик ыр “Шырылдаңды” аткарышты.




Ал эми ат арытып Жумгал өрөөнүнөн келишкен Жумгал райондук сотунун командасы ымыркайга ысым ыйгаруу жөрөлгөсүн аткарышса, Нарын райондук сотунун командасы улуттук бий бийлеп, ооз комуз чертип, өзгөчө өнөрлөрүн көрсөтүштү.



Өз кезегинде Нарын облусунун административдик сотунун кызматкерлеринен түзүлгөн команда улуу жазуучу Ч. Айтматовдун “Ак кеме” повестинен үзүндү чагылдырып беришти. Нарын облустук сот департаментинин командасы дагы өнөр-таланттары менен айырмаланып, жагымдуу ырларды аткарышып, ошондой эле, келиндин чачын өрүү каадасын чагылдырышты.




Мындан тышкары, сынакта улуттук даамдар презентацияланды.




Соңунда Жумгал райондук сотунун командасына 1-орун, Нарын облустук сотунун командасына 2-орун, Нарын облустук сот департаментинин командасына 3-орун ыйгарылды. Нарын облусунун административдик сотунун командасы 4-орунга ээ болсо, 5-орунду Нарын райондук сотунун командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө жана эсте каларлык номерлерди аткарган кызматкерлерге байгелер жана сыйлыктар ыйгарылды.


Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы