KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

КРда соттор санарип форматка өтөт: 2026-жылдан тарта эмнелер өзгөрөт?

16 января 2026

Кыргызстанда соттор ишин толугу менен санарип форматта жүргүзө баштайт. Бул жарандарыбыз үчүн адилет сотко жетүүнү жеңилдетип, убакыт, чыгым үнөмдөлө турганын билдирет.


Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, Жарандык, Административдик жана Жазык процессуалдык кодекстерге айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Аны менен  “видеоконференция”, “онлайн трансляция” жана “электрондук сот өндүрүшү” түшүнүктөрү кошулду.


Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирди.


Мыйзам соттордун адаттагы иш тартибин өзгөртүп, жарандардын адилет сотко жетүүсүн жеңилдетет. Эми көптөгөн процедураларды сотко милдеттүү түрдө барбастан жана кагаз документтерсиз онлайн түрүндө аткарууга мүмкүн болот. Бул өзгөчө алыскы аймактарда жашаган тургундар үчүн маанилүү.


Негизги жаңылыктар:



  1. Процесстерге видеобайланыш аркылуу катышуу

    ‒ Тараптар, күбөлөр, эксперттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана башка катышуучулар сот жыйындарына алыстан (интернет аркылуу) катыша алышат.

  2. Аудио жана видео жазуу

    ‒ Сот жыйындарында аудио жана видео жазуу милдеттүү болот.


‒ Бул жазуулар расмий протоколдун ордуна алынышы мүмкүн жана катышуучулар жазууларды карап чыгып, катачылыктар боюнча кайрылуу жөнөтө алышат.



  1. Онлайн трансляция (эфир)

    ‒ Сот өзүнүн демилгеси менен же катышуучулардын сунушу боюнча жыйындарды интернетте, телеберүүдө же радио аркылуу түз көрсөтүүгө уруксат бере алат. Эскертүү! Бул бардык жыйындар автоматтык түрдө түз эфирге чыгарат дегенди билдирбейт. Процесстерди трансляцияга уруксат берип жатып “адилеттик, ачыктуулук жана катышуучулардын коопсуздугу” сыяктуу факторлор эске алышы шарт. Демек, соттун чечимине жараша болот.



  1. Билдирүүлөр жана чакыруулар

    ‒ Сот отурумунун катышуучуларына чакырууларды жөнөтүү үчүн SMS жана электрондук почта колдонулат.

  2. Электрондук сот иштери

    ‒ Эми арыздар, даттануулар жана кассациялык арыздарды онлайн формада санарип кол тамга аркылуу тапшыруу мүмкүн болот жана алар  расмий документ болуп саналат.


Бул өзгөрүүлөр адилет сот системасын заманбап, жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу максатын көздөйт.