KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын айрым кодекстерине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө

24 апреля 2025

Кыргыз Республикасынын айрым кодекстерине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө төмөндө маалымат беребиз.


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси



  1. 2024-жылдын 19-ноябры № 183 “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен


152-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:


«152-берене. Жасалган кылмыштын фактысы боюнча алгачкы текшерүү органынын аракеттери


Жасалган кылмыштын фактысы боюнча алгачкы текшерүү органы окуя болгон жерди кайтаруу, кылмыш издерин сактоо боюнча зарыл чараларды көрөт, ошондой эле кылмыш жасаган адамды табуу, уурдалган мүлктү издеп табуу, далил катарында пайдаланылышы мүмкүн болгон иш жүзүндөгү маалыматтарды аныктоо максатында изин суутпай издөө иштерин жана кечиктирилгис аракеттерди жүзөгө ашырат, ушул Кодекстин 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган тартипте сурак жүргүзөт.»;


4) 153-берененин 5-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы «кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгаргандан кийин» деген сөздөр алып салынган;


5) 170-берененин 7-бөлүгү «тергөөчү,» деген сөздөн кийин «алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы,» деген сөздөр менен толукталган.


 



  1. 2023-жылдын 26-июлу № 149 “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилип:


158-беренедеги «прокуратура» деген сөз «аскердик прокуратура» деген сөздөргө алмаштырылган;


159-беренеде:


а) 1-3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:


«1. Ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан өмүргө каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 122129-беренелери); ден соолукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 130136, 138, 139-беренелери); адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 140145-беренелери); инсанды медициналык жана фармацевттик тейлөө чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 146153-беренелери); жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 154156-беренелери); инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 157164-беренелери); адамдын жеке эркиндигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 165171-беренелери); балдардын кызыкчылыктарына жана үй-бүлөлүк мамилелердин көнүмүшүнө каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 172181, 183188-беренелери); адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 189, 190, 193204-беренелери); менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 205217-беренелери); экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 218, 220, 221, 223225, 229-беренелери); акча-кредит жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 232-беренеси); салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 238240, 242-беренелери); коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 246249-беренелери); коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 260263, 267271-беренелери); өнөр жайда, курулушта жана жогорку коркунучтагы булактарды пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 272277-беренелери); коомдук тартипке каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 278281-беренелери); баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар (Кылмыш-жаза кодексинин 282291-беренелери); калктын саламаттыгына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 292297-беренелери); экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 298310-беренелери); транспорттун жана магистралдык түтүк өткөргүчтөрдүн кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 311318-беренелери); далилдерди табуунун процессуалдык тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 364366-беренелери); сот актыларын жана башка аткаруу документтерин аткарууга каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 368373-беренелери); башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 375, 380384-беренелери); чакырылуучулардын, резервдегилердин жана аскерге милдеттүүлөрдүн кылмыштары жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 385-беренеси) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.



  1. Улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан үй-бүлө мамилелеринин көнүмүшүнө жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 182-беренеси); коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 252259, 264266-беренелери); маалыматтык коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси); конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 323329, 333335-беренелери); сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 349353-беренелери); башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси); тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 402409-беренелери); аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын башка бузуулар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 410, 411, 414416-беренелери) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.

  2. Аскердик прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан баш ийүү жана аскердик ар-намысты сактоо тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 386396-беренелери); аскердик мүлктү сактоонун же эксплуатациялоонун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 397401-беренелери) кылмыш иштери жана аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.»;


б) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылган;


в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:


«6. Улуттук коопсуздук органдарынын жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан ден соолукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 137-беренеси); адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 191, 192-беренелери); экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 222, 226228, 230231-беренелери); акча-кредит жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 233237-беренелери); салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 241, 243, 244-беренелери); коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 245, 250, 251-беренелери); маалыматтык коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 319321-беренелери); конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 330332-беренелери); мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 336348-беренелери); далилдерди табуунун процессуалдык тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 354363, 367-беренелери); башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 374, 376, 377, 379-беренелери); аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын башка бузуулар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 412, 413-беренелери) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.»;


г) 7-бөлүк күчүн жоготту деп таанылган.


 



  1. 2024-жылдын 3-июлу № 112 “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен


 


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилген:


1) 158-берене «жаза-аткаруу тутумунун» деген сөздөрдөн кийин «, бажы органдарынын» деген сөздөр менен толукталсын;


2) 159-беренеде:


а) 1-бөлүктө «282-291» деген цифралар «282-284, 286-291» деген цифраларга алмаштырылсын;


б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:


«4-1. Улуттук коопсуздук органдарынын жана бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси); салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси); баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.»;


в) 6-бөлүктө «222, 226-228, 230-231» жана «241, 243, 244» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «222, 226-228, 230» жана «243, 244» деген цифраларга алмаштырылсын.


4.2023-жылдын 15-февралы № 28 “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилип,


167-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:


«167-берене. Тергөө маалыматтарынын ачыкка чыгарылышына жол бербөө



  1. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар кылмыш иши боюнча териштирүү аяктаганга чейин ачыкка чыгарылууга, анын ичинде алгачкы текшерүү, тергөө, прокуратура органдарынын кызмат адамдары тарабынан ачыкка чыгарылууга тийиш эмес.

  2. Тергөөчү, прокурор күбөнү, жабырлануучуну, адвокатты, экспертти, адисти, котормочуну жана тергөө аракеттеринин өндүрүшүнө катышып жаткан башка жактарды тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгаруунун жол берилбестиги жөнүндө эскертет жана Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик жөнүндө эскертүү менен алардан колкат алууга укуктуу.


Колкат тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгаруу кылмышты териштирүүнүн жыйынтыктарына терc таасирин тийгизет деп эсептөөгө негиздер болгон учурларда гана, жарыяланышы аларды жоготууга, шектүү же айыпталуучу тарабынан аларды жок кылуу үчүн шарттардын түзүлүшүнө алып келиши мүмкүн болгон иш боюнча чогултулган далилдерди коргоо максатында алынат, бул шектүүнүн же айыпталуучунун тергөөдөн жана соттон жашырынуусуна, тергөөгө башкача жол менен тоскоолдук кылуусуна мүмкүндүк берет, колкат ошондой эле шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөлөрдүн мыйзам менен корголуучу сырларын, кадыр-баркын, ар-намысын жана ишмердик аброюн коргоо жана кылмыш-жаза процессинин башка катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл учурда алынат.


Сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо жөнүндө колкат алуунун зарылдыгы тууралуу тергөөчү жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат.



  1. Эгерде ачыкка чыгаруу тергөөнүн кызыкчылыктарына каршы келбесе жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга байланышпаса, тергөөнүн маалыматтары тергөөчүнүн же прокурордун уруксаты менен жана алар жол берген көлөмдө гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.


Тергөөчүнүн же прокурордун уруксаты менен сурактын, беттештирүүлөрдүн убагында берилген суроолордун жана алардын жоопторунун мазмуну, алардын жүрүшүндө адамга жасалган кылмыштын жагдайлары белгилүү болгон башка тергөө аракеттеринин мазмуну ачыкка чыгарылышы мүмкүн, буга тергөөнүн тактикасын жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларына карата көрүлүүчү коопсуздук чараларын ачыкка чыгаруу кирбейт.



  1. Ушул Кодекстин 291-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга тыюу салуу төмөнкү маалыматтарга жайылтылбайт:


1) кылмыш жасоо фактысы жөнүндө;


2) кылмыш ишин козгоо жөнүндө;


3) кылмыш жасаганга шектүү адамды кармоо жана бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө;


4) айып коюу жөнүндө;


5) тергөөнүн аяктагандыгы жана айыптоо актысынын түзүлгөндүгү, иштин кыскартылгандыгы же болбосо токтотулуп тургандыгы жөнүндө;


6) иш боюнча, анын ичинде адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттик жана эл аралык органдарга берилүүчү өтүнүчтөрдө, арыздарда жана даттанууларда камтылган кылмыш ишинин материалдарынан алынган маалыматтар;


7) мамлекеттик бийлик органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамды, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузуу фактылары жөнүндө;


8) айкындалган, анын ичинде тергөөчү же прокурор тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына же башка ачык-айрым ыкма менен жайылтылган маалыматтар.


Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгон сотко чейинки өндүрүштүн катышуучуларынын, анын ичинде айыпталуучунун жеке турмушу жөнүндө маалыматтар өзгөчө учурларда, маалыматка тиешеси бар адамдын макулдугу болсо, эгерде бул анын кызыкчылыктарына жооп берсе, үчүнчү жактарга же жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарланышы мүмкүн.


Тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо жөнүндө колкат талап кылынган адам тергөөчүдөн же прокурордон ачыкка чыгарууга укугу жок маалыматты конкреттештирүүнү талап кылууга укуктуу. Тергөөчү ачыкка чыгарылбай турган маалыматты жазуу жүзүндө конкреттештирүүгө милдеттүү.


Жогоруда аталган маалыматтар ачыкка чыгарылган учурда, эгер бул кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын, башка жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуп жатса, ошондой эле тергөөнүн кызыкчылыктарына каршы келсе, тергөөчүдөн же прокурордон берилген маалыматты конкреттештирүүнү талап кылууга тыюу салынат.



  1. Мамлекеттик сырларга байланыштуу иштер боюнча өндүрүштө коргоочу же өкүл катары катышуучу адвокатка ага адвокаттык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу белгилүү болгон мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбестиги жөнүндө жана аларды ачыкка чыгарган учурда ал жоопкерчиликке тартылары жөнүндө иш өндүрүшүндө турган адам эскертет. Ушуну менен бирге, адвокат мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу милдеттенме берет. Мамлекеттик сырларды камтыган маалыматтар так аныкталууга жана жашыруун эмес материалдардан обочолонуп турууга тийиш.


Эскертүү. Бул беренеде тергөө маалыматтары деп сурактын, беттештирүүлөрдүн убагында берилген суроолордун жана алардын жоопторунун мазмуну, тергөө аракеттеринин жүрүшүндө адамга жасалган кылмыштын жагдайлары белгилүү болгон башка тергөө аракеттеринин мазмуну түшүнүлөт.».


5.2024-жылдын 5-августу № 160 “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен


12) 198-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:


«Эгерде сурактын жүрүшүндө көзү азиз адамга текст менен таанышуу, документтерге кол коюу же берилген фото жана видеоматериалдарды баяндап жазуу талап кылынса, көзү азиз күбөнү, жабырлануучуну, шектүүнү, айыпталуучуну суракка алуу ассистенттин катышуусу менен жүзөгө ашырылат.»;


13) 199-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:


«Эгерде ассистент суракка катышса, анда ал протоколдун ар бир барагына кол коет.»;


14) 291-берененин 7-бөлүгү «котормочу» деген сөздөн кийин «же ассистент» деген сөздөр менен толукталган.


5.2024-жылдын 2-апрели № 73 “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилип:


1) 35-берененин 1-бөлүгүнүн 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:


«11) мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот актысы менен ырасталган чечимдерди кошпогондо, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз чечимдерин жокко чыгарууга, иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу, кыскартуу жөнүндө токтомдорду чыгарууга;»;


2) 260-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталган:


«4. Мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот актысы менен ырасталган кыскартылган иш боюнча өндүрүштү прокурордун кайра баштоосуна жол берилбейт.».


 


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси


2024-жылдын 25-январы № 27  “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:


1) 28-берененин 2-бөлүгү «уурдоо (205-берене),» деген сөздөрдөн кийин «мал уурдоо (205-1-берененин 2, 3 жана 4-бөлүктөрү),» деген сөздөр менен толукталсын;


2) 28-глава төмөнкүдөй мазмундагы 205-1-берене менен толукталсын:


«205-1-берене. Мал уурдоо



  1. Мал уурдоо, башкача айтканда олуттуу эмес өлчөмдө бирөөнүн малын жашыруун уурдоо, —


жүз сааттан жүз сексен саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан алты айга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салууга же алты айдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.



  1. Олуттуу өлчөмдө жасалган мал уурдоо, —


эки айдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.



  1. Мал уурдоо:


1) ири өлчөмдө;


2) адамдардын тобу тарабынан;


3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;


4) турак жайдын, ишкананын, уюмдун, мекеменин короосуна же малканага, мал кармалган тосмого кирүү менен жасалганда, —


мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.



  1. Мал уурдоо:


1) өзгөчө ири өлчөмдө;


2) уюшкан топ тарабынан;


3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалганда, —


мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.


Эскертүү. Ушул беренеде мал деп, майда жандык, бодо мал, жылкы, эшек жана качыр, төө, чочко түшүнүлөт.».


 



  1. 2024-жылдын 22-январы № 24 “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:


1) 57-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:


«1. Коркунучтуулугу аз жана (же) анча оор эмес кылмыш жасаган адам, эгерде ал жабырлануучу менен жарашса жана келтирилген чыгымдын ордун толтурса, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына таасирин тийгизген учурларын кошпогондо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.»;


2) 58-берененин 6-бөлүгүндө «137-беренеси, 154-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттары жана 4-бөлүгү, 155-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттары жана 4-бөлүгү, 156-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту жана 3-бөлүгү» деген сөздөр «137, 154, 155-беренелери, 156-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү» деген сөздөргө алмаштырылсын;


3) 82-берененин 2-бөлүгүндө:



  1. а) 6-пунктта «баланын» деген сөз алып салынсын;

  2. б) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

  3. «7) ушул Кодекстин 137, 157, 158, 166, 167, 168-беренелеринде каралган кылмыштар үчүн соттолгондорго;».