KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин соттордун түзүлүшүн жана судьялардын штаттык санын талдоо жана оптималдаштыруу боюнча Комиссиясынын жыйыны болуп өттү

04 ноября 2025

2025-жылдын 30-31-октябрында Куралбек Абдыкадыровдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин соттордун түзүлүшүн жана судьялардын штаттык санын талдоо жана оптималдаштыруу боюнча Комиссиясынын жыйыны болуп өттү.




Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин маалыматына караганда, жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун статистикалык маалыматтарынын негизинде даярдалган жергиликтүү соттордун соттук жүктөмү жана кадрдык потенциалы боюнча жыйынтыктары каралды.




Комиссия кадрдык потенциалды рационалдуу пайдалануу зарылдыгын белгилеп, сот тутумунун түзүлүшүн оптималдаштыруу боюнча чараларды сунуштады. Алардын арасында — айрым сотторду бириктирүү, судьялардын штаттык бирдиктерин кайра бөлүштүрүү жана уюштуруу процесстерин өркүндөтүү сунушталды. Бул кадамдар соттордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, соттук практиканы бирдейлештирүүгө жана административдик чыгымдарды кыскартууга багытталган.




Иш-чарада Бишкек шаарындагы соттордун жүктөмүнө өзгөчө көңүл бурулду. Административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калаанын курамына Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун айыл аймактары, айылдары, турак жай массивдери жана жер тилкелери кошулган.


Натыйжада шаардын аймагы кыйла кеңейип, калктын саны көбөйдү. Бул жарандардын кайрылууларынын көбөйүшүнө жана шаардык соттордун соттук жүктөмүнүн өсүшүнө алып келди. Аталган өзгөрүүлөрдү жана урбанизациялык тенденцияларды эске алуу менен Комиссия ишти өз убагында жана сапаттуу кароону камсыз кылуу үчүн борбор калаанын сотторунда судьялардын штаттык бирдиктерин көбөйтүү зарылдыгы жөнүндө жыйынтыкка келди.