Төрага жергиликтүү райондук соттордун, Нарын шаардык жана Нарын Административдик сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты, ошондой эле, Нарын облустук сотунда жыйынтык чыгарылды.
Сот кызматкерлери менен өткөрүлгөн жыйындарда сот процессине келген тараптарга жетиштүү шарттарды түзүү, сот ишиндеги көйгөйлөр жана жетишилген оң өзгөрүүлөр, иштерди кароонун сапаты боюнча ар кандай актуалдуу маселелер көтөрүлдү.
Иш-чаралардын жүрүшүндө материалдык-техникалык жабдууга, иштерди кароонун сапатына байланыштуу жана жетишилген оң өзгөрүүлөр жаатында маселелер көтөрүлдү.
Айрым маселелер жана көйгөйлөр боюнча жер-жерлерде тийиштүү көрсөтмөлөр берилип, аларды чечүү мөөнөттөрү белгиленди.
Нарын облусуна иш сапарынын алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан жергиликтүү сотторду уюштуруу иш-чараларына байланыштуу чыгымдарга катыштырбоо боюнча көрсөтмө берилген.
Аталган көрсөтмө жергиликтүү соттор тарабынан колдоого алынып, андан ары иш чаралардын жүрүшүндө так сакталып, соттор тарабынан акча каражаттары чогултулган жок.