Төрага Медербек Сатыев бул күндөрү Нарын облустук сот тутумундагы Жумгал, Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондук сотторунда, Нарын шаардык сотунда, Нарын Административдик сотунда болду. Иш сапар Нарын облустук сотунда жыйынтыкталды.
Нарын облустук сотунун төрагасы К.А.Абдыкадыров облустук сот тутумунда аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Иш сапардын жүрүшүндө сот кызматкерлери менен жер-жерлерде жыйындар өткөрүлүп, анда жергиликтүү соттордун материалдык-техникалык абалы, сот аппаратынын кызматкерлеринин, кенже жана техникалык кызматкерлердин айлык маяналарын жогорулатуу, сот ишиндеги көйгөйлөр жана жетишилген оң өзгөрүүлөр, иштерди кароонун сапаты боюнча ар кандай актуалдуу маселелер көтөрүлдү.
Мындан тышкары, Медербек Сатыев сот кызматкерлеринин гана эмес, сот аткаруучулар менен сот приставдарынын дагы эмгек шарттары менен таанышып чыкты.
Алып айтсак, Кочкор райондук сотунда бөлүнгөн имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылдыгы курч экендиги белгиленди. Сот департаментинин башчысы жаңы административдик имараттын сметасын жана долбоорун даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Медербек Сатыев сот серверинин техникалык талаптарга жооп бербеген абалына көңүл буруп, жыл аягына чейин аны талаптарга ылайык келтирүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.
Иш сапардын жүрүшүндө төрага архивдердеги иштердин сакталуу шарттарына да көңүл бурду.
Мындан тышкары, төрага сот кызматкерлери менен жолугушууда жакынкы күндөрү жарандардын муктаждыктарын жана талаптарын аныктоо үчүн QR-код аркылуу анкета толтуруу боюнча маалымат камтылган стенд орнотуларын маалымдады.
Сурамжылоонун мындай ыкмасы финансылык каражаттарды талап кылбастыгы айтылып, пилоттук долбоорлор соттордун ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатканы түшүндүрүлдү.
Медербек Сатыев сот кызматкерлери менен маек куруп, айрым маселелер жана көйгөйлөр боюнча жеринде тиешелүү көрсөтмөлөрдү берип, аларды чечүү мөөнөттөрү белгиленди.
Жогорку соттун төрагасын иш сапарда Жогорку соттун судьясы Маргарита Мельникова жана төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров жана Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Адилет Чакиев коштоп жүрүштү.