1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.
Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил.
2023-жылы 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Анын алкагында мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлүшү зарыл.
Аталган мыйзамдын 2-главасынын 7-беренесинде сот өндүрүшүндө мамлекеттик тилди пайдалануу тууралуу белгиленген. Ага ылайык, Кыргыз Республикасында сот өндүрүшү мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык расмий тил пайдаланылышы мүмкүн. Мамлекеттик тилди билбеген сот өндүрүшүнүн катышуучулары Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте эне тилин жана анын мамлекеттик тилдеги котормосун пайдаланышы мүмкүн.
Жалпы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайбыз!