KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Маркумду жана мүрзөнү мазактоо үчүн жоопкерчилик

21 июля 2025

Дүйнөдөн көзү өткөн адамдын жаркын элесине карата сый мамиле жасоо парыз болуп саналат. Ошондой эле, анын сөөгүн кордоо жана мүрзөнү мазактоо дагы адамгерчиликке туура келбеген жат көрүнүштөрдүн бири.


Анткени менен, криминалистиканын тарыхында маркумдун сөөгүн кордоп, мазактаган, мүрзөгө коюлган буюмдарды уурдап, темирлерин чыгарып кеткен ж.б. окуялар да орун алып келет. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинде жогорудагыдай учурлар катталганда кандай жоопкерчилик каралат?


Маркумдун сөөгүн жана мүрзөнү мазактоо үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 164-беренесинде каралган.


Тактап айтсак, маркумдун сөөгүн мазактоо же көрүстөндү, мүрзөнүн үстүндөгү эстеликти жок кылуу, бузуу же мазактоо, ошого тете мүрзөнүн ичиндеги жана тышындагы буюмдарды уурдоо, —


200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же кырктан жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга жазаланат.


Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы тарабынан даярдалды.


 




(Иллюстрациялык сүрөт)