KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев Нарын облустук сотунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарууга арналган кеңешмеге катышты

19 февраля 2026

2026-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев Нарын облусуна иш сапар менен барып, Нарын облусунун жерегиликтүү сотторунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнө арналган жыйынга катышты.




Жыйынга ошондой эле Жогорку соттун судьялары Бактыгуль Аманалиева, Абылай Мухамеджанов, Тыныбек Бекешов, Жогорку соттун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов жана жергиликтүү соттордун судьялары катышышты.




Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев өз сөзүндө мамлекет сот системасын реформалоо жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча олуттуу шарттарды түзүп жаткандыгын айтты. Бул сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылууга, мыйзамга гана таянып иштөөсүнө бекем негиз болуп саналат. Мындай колдоо ар бир кызматкерден жогорку жоопкерчиликти жана мыйзамдуулукту так сактоону талап кылаарын, андыктан сот корпусу мамлекет менен элдин ишенимин акташы керек экендигин эскертти.




Медербек Сатыев сот системасында коррупцияга, жашыруун келишимдерге жана кандай гана болбосун басым-кысымга эч качан орун болбошу керектигин өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, адилет иш алып барбаган, мыйзам талаптарын так сактабаган адамдар сот системасында иштебеши керек жана мындай көрүнүштөрдөн система тазаланышы зарыл.



Төрага ар бир чечим мыйзамга гана таянып, калыс жана негиздүү чыгарылышы керектигин баса көрсөттү. Бүгүнкү жолугушуунун башкы максаты да дал ушул принциптерди бекемдөө жана сот адилеттүүлүгүнүн тазалыгын камсыз кылуу болуп саналарын билдирди.




Жыйында Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров сот адилеттигинин сапатын талкуулоо боюнча баяндама жасады. Анын маалыматы боюнча, 2025-жылы Нарын облусунун биринчи инстанциядагы сотторуна жалпысынан 11741 иш келип түшкөн, анын ичинен 11281 иш каралган, бул мурунку жылга салыштырганда 1169 ишке же 11,5% көп каралган.




Нарын облустук сотуна апелляциялык тартипте кароого 423 иш же 3,7% гана даттанылган, бул 2024-жылга салыштырганда 334 ишке аз болгон.


Жыйындын жүрүшүндө Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басарлары былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат беришти.




Медербек Сатыев Нарын облусуна келерден мурда эле аймактардагы сотторго методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү максатында Жогорку соттун судьяларын жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алган. Аталган чечимдин алкагында Нарын облусуна да Жогорку соттун судьялары барып, жеринде иш жүргүзүп, сот практикасын кеңири талдап чыгышкан.




Төраганын айтымында, бул иш-чаранын негизги максаты текшерүү жүргүзүү же формалдуу баа берүү эмес. Тескерисинче, жеринде практикалык колдоо көрсөтүү, тажрыйба алмашуу аркылуу сот практикасын чыңдоо жана сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу болуп саналат.




Бир эле категориядагы иштер боюнча ар кайсы аймактарда ар башка чечимдер кабыл алынып жаткан учурлар бар. Мындай көрүнүш сот практикасынын туруктуу жана бир нукта эместигинен кабар берет. Ал эми сот адилеттигинде мыйзамды бирдей колдонуу — мыйзам үстөмдүгүнүн жана укуктук аныктуулуктун негизги шарты экенин баса белгиледи.




Жогорку соттун Төрагасы эгер сот чечимдери туруктуу, ырааттуу жана жетиштүү негизделген болбосо, коомчулуктун сот тутумуна болгон ишеними солгундай турганын айтты. Ошондуктан элдин ишенимин бекемдөө үчүн, биринчи кезекте, сот адилеттигинин сапатына, мыйзамды так жана бирдей колдонууга, сот актыларынын терең негизделишине жана укуктук позициянын туруктуулугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.



Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Бактыгуль Аманалиева, Абылай Мухамеджанов, Тыныбек Бекешов соттук тажрыйбаны жалпылоо боюнча маалыматтары менен бөлүшүштү.



Жыйындын жүрүшүндө Нарын облусундагы жергиликтүү соттордун ишинин сапаты, соттук тажрыйбаны жалпылоо, сот тутумун санариптештирүү, анын ичинде сот отурумдарын онлайн трансляциялоо, иштерди автоматтык бөлүштүрүү системалары туурасында маселелер каралды.




Жогорку соттун Төрагасы аталган аймактагы ишинин сапаттык көрсөткүчтөрү жогору болгон судьяларды атап, ошол эле учурда төмөн көрсөткүчтөргө ээ болгон судьяларга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.



Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары Нарын облустук сот департаментинин башчысы Эмилбек Жунусалиевдин жер тилкелери, оңдоо, курулуш жана жергиликтүү сотторду материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча маалыматын угушту.




Жыйындын соңунда Төрага Медербек Сатыев каралган бардык маселелер милдеттүү түрдө аткарылышы зарыл экенин баса белгиледи. Анын айтымында, убакыт чектелүү шартта ар бир ишти ыкчам, сапаттуу жана натыйжалуу жүргүзүү — сот органдарынын башкы милдети болуп саналат.




Медербек Сатыев мамлекет башчысынын курултайда айткан: «Сотторго бааны эми эл берет» деген сөзүнө токтолуп, бул чакырык ар бир судья жана аппарат кызматкери үчүн чоң жоопкерчилик жүктөй турганын билдирди. Ошондуктан сот системасынын кызматкерлери өз ишинде элдин ишенимин биринчи орунга коюп, ар бир чечимди мыйзамдын негизинде, адилеттүү жана калыс кабыл алышы керектигин белгиледи.




Ал өз сөзүнүн соңунда коомчулук сот системасынан тактыкты, сапатты жана туруктуулукту күтөөрүн айтып, ар бир кабыл алынган чечим сот бийлигинин аброюна түздөн-түз таасир этерин баса көрсөттү. Элдин ишенимин актоо — сот адилеттигинин башкы өлчөмү экенин жана бул багыттагы талаптар мындан ары да катуу сакталууга тийиш экенин белгиледи.