Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Талас облусунда иш сапары менен болуп, Талас облустук сот тутумунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын алкагында төрага жергиликтүү соттордун ар биринде болуп, сот системасын жакшыртуу, адилет сот өндүрүшүн камсыздоо жана элдин сот тутумуна болгон ишенимин арттыруу боюнча бир катар маанилүү маселелерди көтөрдү.
Медербек Сатыев жакын арада жергиликтүү соттордо элдин сотторго болгон ишенимин аныктоо үчүн онлайн сурамжылоо жүргүзүлө тургандыгын айтты.
Ал үчүн сотко келген тараптар QR-код аркылуу соттордун тараптарга болгон мамилеси туурасында суроолорго жооп бере алышат.
Элдердин пикири топтолгон соң, анализ жасалып, кетирилип жаткан кемчиликтердин үстүнөн тийиштүү чаралар көрүлө тургандыгын төрага белгиледи.
Алмазбек Абдылдаев ротация менен келип иштеп жаткандыгына эки жыл сегиз ай болгондугуна карабай, бир дагы жолу ушул мезгилде Талас облусу боюнча бир дагы судьянын үстүнөн Тартип комиссиясына арыз жазылбагандыгын билдирди.
Сот имаратында бөлмөлөр жетишпей, беш судья жардамчылары менен бирге бир бөлмөдө тыгылып иштеп жаткандыгын белгилеп өттү.
Сот адилеттик үйү курулса, көптөгөн көйгөйлөр чечиле тургандыгын төрага кошумчалады.
Медербек Сатыев судьяларды жана аппарат кызматкерлерин элге жана мамлекетке кызмат кылуусу керек экендигин айтып, сот адилеттигин жүзөгө ашырууга бардык аракеттер жумшалыш керек экендигин эскертти.
Булак: Жогорку соттун басма соз кызматы