Бүгүн, 2024-жылдын 16-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Баткен облусуна болгон иш сапардын алкагында Кызыл- Кыя шаардык сотунда болду.
Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы Манасбек Дарманкулов аталган соттун ишмердүүлүгү боюнча кенен маалымат берип, сотто 3 судья эмгектенип, көбүнчө баңгизат, экстремизм, алимент, мыйзамсыз курулуштар боюнча иштерди карап жатышкандыгын билдирди.
Судьялардын ичинен төраганын караган иштеринин күчүндө калышы ушул жылдын 9 айы боюнча 89% пайызды түзгөн.
Медербек Сатыев эл сотко ишенген үчүн келип жаткандыгын айтты.
“Укугу бузулган жарандар, аны калыбына келтирүү үчүн сотко кайрылат. Соттор мыйзамдуулукту сактап, адилеттүү жана негиздүү чечимдерди чыгарышы керек. Андыктан, иштерди өз убагында карап, мөөнөттөрүн создурбоо керек”, — деди төрага.
Жогорку соттун төрагасы аталган жергиликтүү соттун имаратын текшерген учурда отурган бөлмөлөр суук болуп, жылуулук системасы жакшы иштебей жаткандыгын көрдү.
Жылуулук жакшы камсыздалбагандыгы үчүн Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыктын башчысы Кубатбек Маликовду сынга алды.
Медербек Сатыев ишке болгон шалаакылык мамиленин айынан кызматкерлер үшүп жаткандыгын айтып, он күндүн ичинде Кубатбек Маликовду жылуулук системасын калыбына келтирүүнү тапшырды.
КР Жогорку сотунун басма сөз еызматы