Талашкан тараптар медиаторлордун көмөк көрсөтүүсү менен өз ара алгылыктуу макулдашууга жетише алышат. Талаштарды жөнгө салуу боюнча медиацияны колдонуу үчүн укуктук негиздер Кыргыз Республикасында Медиация жөнүндө мыйзам менен жөнгө салынат.
Медиация жазык-укуктук мамилелерден келип чыгуучу талаштарга карата, мыйзамда түздөн-түз каралган учурларда колдонулат. Эгерде талаш медиацияга катышпаган же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардын кызыкчылыктарын козгосо, бул адамдар же аракетке жөндөмсүз адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрү процесске медиация тарабы катары чыккан учурларды кошпогондо, медиация колдонулбайт. Жабырлануучу жана кылмышты жасоого шектелген адам же жазасын өтөп жаткан адам жазык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү медиация тараптары болуп эсептелет.
Ким медиатор боло алат?
1) 25 жаш курагына чыккан:
2) жогорку билими бар;
3) медиация боюнча кошумча билим алуунун жыйынтыгы боюнча сертификат алган;
4) Медиация Мыйзамына ылайык медиатордун күбөлүгүн алган адам жеке медиатор боло алат.
Ким медиатор боло албайт?
1) мамлекеттик же муниципалдык кызматчы;
2) аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган адам;
3) соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алынбаган адам.
Медиатордун эмнеге укугу жок?
1) медиациянын жүрүшүндө кайсы бир тараптын өкүлү болууга, ошондой эле, өзү медиатор болгон талаш жана жазык иши боюнча соттук териштирүүдө же бейтарап териштирүүдө кайсы бир тараптын өкүлү же жактоочусу болууга;
2) эгерде тараптар башка тууралуу макулдашышпаса, медиациянын кайсы бир тарабына талаш боюнча консультациялык жардам көрсөтүүгө.
Медиациялык макулдашуу кандай тартипте жүргүзөт?
- Медиациялык макулдашуу медиация жүргүзүү жол-жобосунун жыйынтыктары боюнча медиация тараптарынын ортосунда жазуу жүзүндө түзүлөт.
- Медиациялык макулдашууда:
1) макулдашуу түзүлгөн дата жана жер;
2) талаштын тараптарынын фамилиясы, аты жана атасынын аты же аталышы;
3) талаштын тараптарынын өкүлдөрүнүн фамилиясы, аты жана атасынын аты же аталышы алардын ыйгарым укуктарын ырастоочу документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен;
4) талаш предметинин сыпатталышы;
5) медиация жол-жобосун жүргүзүүгө катышкан медиатордун же медиаторлордун фамилиясы, аты жана атасынын аты;
6) макулдашуунун шарттары, аларды аткаруунун ыкмалары жана мөөнөттөрү жана аларды аткарбоонун же талаптагыдай эмес аткаруунун кесепеттери;
7) мыйзамдардын талаптарына каршы келбеген башка шарттар көрсөтүлөт.
- Медиациялык макулдашуу тараптардын каалоосу боюнча нотариус тарабынан же нотариат жөнүндө мыйзамдарга ылайык нотариаттык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан ырасталышы мүмкүн.
Медиация кандай учурда токтотулат?
1) тараптар медиациялык келишимге кол койгондо — мындай макулдашууга кол коюлган күндөн тартып;
2) талашты медиация жолу менен жөнгө салуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар медиатор тарабынан белгиленгенде — мындай жагдайлар белгиленген күндөн тартып;
3) талашты медиация жолу менен жөнгө салуу мүмкүн эместигине байланыштуу медиациядан бир, бир нече же бардык тараптар жазуу жүзүндө баш тартканда — тараптар жазуу жүзүндөгү баш тартууга кол койгон күндөн тартып;
4) тараптардын бири медиацияны улантуудан жазуу жүзүндө баш тартканда — жазуу жүзүндөгү баш тартуу медиаторго жана башка тарапка жөнөтүлгөн күндөн тартып;
5) медиация жүргүзүүнүн мөөнөтү бүткөндө — ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен бул мөөнөт бүткөн күндөн тартып;
6) жеке жак болуп саналган тараптардын бири каза болгондо же юридикалык жак болуп саналган тараптардын бири жоюлганда — жеке жак каза болгон күндөн тартып же юридикалык жактын ишин кыскартуу катталган күндөн тартып токтотулат.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы тарабынан даярдалды.