KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей

21 ноября 2024

Мыйзам жана аны орнотууда сот тутуму кандай роль ойнойт? Бул тууралуу төмөндө Ат-Башы райондук сотунун судьясы Г.А.Абдисаматов маалымдайт.


Адилеттүүлүктүн үстөмдүгү салтанат курган коомду курууда сот тутумуна эң маанилүү милдет жүктөлөт. Соттордун калыс чечимдери жарандарыбыздын акыйкаттыкка болгон ишенимин бекемдеп, укуктук туруктуулукту камсыз кылат. Ал өз кезегинде өлкөдө саясий туруктуулуктун орун алышына өбөлгө түзөт. Сот тутуму бул жооптуу милдетти татыктуу аткарат.


Мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей. Ошондой эле, соттор мыйзам үстөмдүгүн орнотууда маанилүү роль ойнойт. Анткени, соттор мамлекеттик, социалдык, жыныстык, расалык белгиси, улуттук, тилдик же саясий таандыктыгы боюнча, же болбосо, алардын тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, жашаган жерине, туулган жерине, динге болгон мамилесине, ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандыктыгына карабастан башка негиздер боюнча кайсы-бир органдарга, жактарга, процесске катышуучу тараптарга артыкчылык бербейт.


Мыйзам деген эмне?


Мыйзам – референдум жолу менен же белгиленген жол-жобо боюнча кабыл алынып, мамлекет менен коом турмушундагы орчундуу маселелерди жөнгө сала турган ченемдик укук акт.


Мыйзам ченем чыгаруу иш-аракетинин принциптерин аныктайт, ченемдик укуктук актылардын түшүнүгүн жана түрлөрүн, алардын өз ара катышын, аларды даярдоонун, кабыл алуунун, жарыялоонун тартибин, ошондой эле аларды колдонуунун, чечмелөөнүн жана коллизияларды чечүүнүн эрежелерин белгилейт.


Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:


-мыйзамдар — коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйындысы;


-ченемдик укуктук актылардагы коллизиялар — бирдей эле коомдук мамилелерди жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын ченемдеринин карама-каршы келүүсү (дал келбөөчүлүгү);


-ченем жаратуу иш-аракети — ченемдик укуктук актыларды даярдоо, экспертизалоо, кабыл алуу (чыгаруу), өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө, алардын колдонулушун токтотуу, күчүн жоготту деп табуу же болбосо жокко чыгаруу боюнча илимий жана уюштуруу иштери;


-ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) — ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (кызмат адамы), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;


-ченемдик укуктук акт — ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ;


-ченем жаратуу техникасы — ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо эрежелеринин системасы;


-мыйзамдардагы боштуктар — зарылдыгы колдонуудагы мамлекеттик укуктук системанын маңызы жана мазмуну, эл аралык укуктун принциптери жана ченемдери менен шартталган укуктук ченемдердин жоктугу;


-укук ченеми (укуктук ченем) — адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери;


-ченемдик укуктук актынын юридикалык күчү — ченемдик укуктук актынын мүнөздөмөсү, анда анын тийиштүү коомдук мамилелерге карата милдеттүү түрдө колдонулушу, ошондой эле анын башка ченемдик укуктук актыларга кошо баш ийдирилгендиги аныкталат.


Конституциялык мыйзам деген эмне?


Конституциялык мыйзам – бир катар өлкөлөрдө конституциялык укуктун негизги булактарынын бири. Кээ бир өлкөлөрдө – бул Конституцияга өзгөртүү киргизүүчү мыйзам, жана башкалар.


Конституциялык мыйзамдар түздөн-түз Конституцияга тиешеси бар. Ал негизги мыйзам болгон Конституциясынын пайдубалы. Конституциялык мыйзамдар мүмкүн болушунча туруктуу жана өзгөрүүсүз бойдон калууга тийиш. Ага түзөтүүлөрдү киргизүүгө болот жана кээде бул жасалат, бирок, ал кыянаттык менен пайдаланылбайт.


Кадимки мыйзамдарга караганда аларды кабыл алуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу кыйыныраак. Конституциялык мыйзамдар парламенттин биргелешкен жыйынында гана кабыл алынат жана мыйзамды кабыл алуу үчүн көпчүлүк – депутаттардын үчтөн экиси добуш бериши керек.


Конституциялык мыйзамдарга кайсы мыйзамдар кирет?


-“Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” конституциялык мыйзам,


-“Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнундө” конституциялык мыйзам,


-“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнундө” конституциялык мыйзам,


-“Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнундө” конституциялык мыйзам,


-“Кыргыз Республикасынын Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнундө” конституциялык мыйзам,


-“Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнундө” конституциялык мыйзам,


-“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнундө” конституциялык мыйзам,


-“Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы жөнундө” конституциялык мыйзам,


-“Элдик курултай жөнундө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам.