KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын облустук сот тутумунун кызматкерлери «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча кеңири маалымат алышты

25 сентября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 25-сентябрында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу багытында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан уюштурулуп,

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиевдин, мамлекеттик катчы Марат Иманкуловдун, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин катышуусунда өткөн иш-чарага Нарын облустук сот тутумунун жалпы судьялары жана аппарат кызматкерлери онлайн катышты.




Кызматкерлер баяндамаларды кунт коюу менен угушуп, кыргыз мамлекеттүүлүгү, улуттук идеология, мамлекеттик тилдин орду жана мааниси терең экендигине ынанышты.

Ошондой эле, баяндамаларда сот адилеттигин ишке ашыруу жана мыйзамдуулукту сактоодо уңгужолдун мааниси тууралуу дагы айтылды.




Эске салсак, өз кезегинде Нарын облусунун жергиликтүү сотторунда «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу жаатында иш-чаралар уюштурулууда.