Бүгүн, 2025-жылдын 1-октябрында Нарын облустук сотунда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатын колдоого арналган “Кыргыз тилим-адилеттүүлүккө үндөгөн тил” аталышындагы иш-чара болуп өттү.
Иш-чараны Нарын облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Шарипбек Жунусов ачып, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун максаты тууралуу маалымат берди.
Ал эми КР Президентинине караштуу тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын Нарын облусу боюнча коомдук башталыштагы өкүлү Кадыркул Бугубаев мамлекеттик тилдин мааниси тууралуу баяндама жасап, кыргыз тилинин коомдогу орду, анын өнүгүүсү жана актуалдуулугу тууралуу ой бөлүштү.
Андан соң сот кызматкерлери макал-ылакаптарды, туруктуу сөз айкаштарын (фразеологизмдерди) чечмелеп, кыргыз тили жана адабиятына байланыштуу викториналык суроолорго жооп беришип, өздөрүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин сынай алышты.
Облустук соттун кызматкери Гүлзат Абышбаева Шайлообек Дүйшеевдин кыргыз тили жөнүндө ырын көркөм окуду.
Эске салсак, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Президенттин Жарлыгына ылайык, бардык тармактарда мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана коомчулукта кыргыз тилин жигердүү колдонууну илгерилетүү жаатында иш-чаралар өткөрүлүүдө.