KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын облустук сотунда жергиликтүү соттордун төрагаларынын катышуусунда жыйын өткөрүлдү

05 февраля 2026

Нарын облустук сотунда Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин тапшырмасы менен Нарын облустук сот тутумундагы райондук жана Нарын шаардык сотунун төрагалары жана судьялар менен кеңешме өткөрүлдү.




Нарын облустук сотунун төрагасы К.А.Абдыкадыров 2026-жылга карата Жогорку соттун төрагасы М.Сатыев тарабынан белгиленген тапшырмалар тууралуу малымат берди. Булардын ичинде соттордун техникалык жабдылышы,

процесстик кодекстердин талаптарын сактоо менен сот отурумдарынын жүрүшүн трансляциялоо маселелери каралды. Ошондой эле, жер-жерлердеги сот имараттарынын курулушу жана оңдоо иштери боюнча айтылды.




Сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Э.Жунусалиев сот имараттарынын оңдоо иштеринин акыбалы тууралуу маалымат берди.




Мындан тышкары, КР Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун талаптарын сактоо талабы коюлду.




Жыйынтыгында төрагаларга жана судьяларга сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатуу жаатында тапшырмалар берилди.