KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын облустук сотунун Кылмыш-жаза иштери, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тегерек үстөл өткөрдү

29 апреля 2025

“Мыйзамдуулук менен негиздүүлүккө басым жасалат…”




— мындай пикир Нарын облустук сотунда Кылмыш-жаза иштери, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан облустук, шаардык жана райондук укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн тегерек үстөлдө айтылды.





Иш-чара Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине соңку жылдары киргизилген толуктоо, өзгөртүүлөр темасына арналды.



Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Ш.Жунусов тегерек үстөлдүн максатына токтолуп өттү. Ошондой эле, соттук коллегия тарабынан кабыл алынган жеке аныктамалар боюнча маалымат берди.





Төраганын орун басары Г.Кудабаева, судьялар Э.Каипов, Э.Дүйшеев ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан протоколдорду толтурууда, иштерди тергөөдө мыйзамдуулуктун сакталышы жана башка бир катар жагдайлар боюнча пикирлерин айтышты.





Мындан тышкары, Нарын облусунун прокурорунун бөлүм башчысы Д.Келдибаев, Нарын райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Э.Мусаев, Нарын аймактык адвокатурасынын өкүлү К.Коңурбаев ж.б. талкууланган маселе боюнча ойлорун айтышты.