KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын облустук сотунун төрагасы Ак-Талаа райондук сотунда иш сапары менен болду

13 августа 2025

2025-жылдын 13-августунда Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров Ак-Талаа райондук сотунун кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.




Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев жергиликтүү соттор менен болгон онлайн кеңешмеде тапшырган маселелер белгиленди.




Облустук соттун төрагасы өз сөзүндө сот адилеттигин турмушка ашырууда мыйзамдуулуктун так сакталышы жана коррупцияга жол берилбеши зарыл экендигин айтып: “Сотко кайрылган жарандарга сылык жана маданияттуу мамиле кылгыла. Алар акыйкаттыкты издеп келишет. Соттун ар бир кызматкери башкаларга жүрүм-турумуңуздар менен үлгү болуңуздар, сиздерге өтө чоң жоопкерчилик жүктөлгөн” – деди.




Ошондой эле, Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы Эрмек Раимкулов сот ишин камсыздаган кеңселер менен тааныштырып, бир катар маселелерди белгиледи.




Мындан тышкары, К.Абдыкадыров Ак-Талаа райондук сотуна кайрылган жарандарга түзүлгөн шарттарды көрдү. Мисалы, жарандардын доо арыздарынын үлгүлөрү атайын тактада илинген. Алардын отуруп, арыз жазуусу үчүн отургучтары менен үстөл коюлган.


Эшиктин алдына жаан-чачын маалында ыңгайлуулукту камсыздаган калкаланган беседкалар орнотулган. Анткени менен, соттун имараты эски жана тар болгондуктан, жаңы салуу зарылдыгы бар.




Өз кезегинде Куралбек Абдыкадыров ротация аркылуу районго келип иштеп жатышкан судьяларга бөлүнгөн кызматтык үйлөрдү жеринде көрүп, шарттары менен таанышты.







Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы