KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын облустук сотунун төрагасы Кочкор райондук сотуна барды

13 августа 2025

 Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров Кочкор районунун Теңдик айылында жайгашкан Кочкор райондук сотунун имаратынын оңдоп-түзөө иштерин жеринде көрдү.


Төрага имараттын капиталдык курулушунун сапатын карап, ишти тездетип, белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.




Курулуш иштеринин жүрүшү боюнча Нарын облустук сот департаментинин начальниги Эмил Джунусалиев, Кочкор райондук сотунун төрагасы Өмүрбек Сарыбаев маалымат беришти.


Имарат ноябрь айынын соңунда пайдаланууга берилет.




 Андан соң Куралбек Абдыкадыров Кочкор райондук сотунун эмгек жамааты менен жолугуп, баарлашты.


Жыйында облустук соттун төрагасы кызматкерлерге мыйзамдуулукту сактоо, коррупцияга жол бербөө зарылдыгын белгиледи.




Ошондой эле, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактап, сотко кайрылган жарандарга сылык-сыпаа мамиле кылууга чакырды. «Айрым кызматкерлер сотко келген тараптарга орой мамиле кылган учурлар болуп келген. Эми буга жол бербейбиз, эгер ушундай көрүнүш орун алса, тийиштүү чаралар көрүлөт. Жарандарга сылык мамиле кылыңыздар» — деди К. Абдыкадыров.




Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев өткөн аптада судьялар менен болгон онлайн кеңешмеде сот кызматкерлерин

сот системасынын кадыр-баркын түшүрбөө, этиканы жана жүрүм-турум эрежелерин сактоо талабын койгон.




Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы.