Нарын облустук сотунда жана Нарын шаардык сотунда сот отурумдары Жогорку соттун Ютуб каналы аркылуу онлайн көрсөтүлө баштады.
Түз алып көрсөтүү сотко келген тараптардын макулдугу менен жүргүзүлүүдө.
Доонун мазмуну Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-1-беренесинин 1-бөлүгү боюнча.
Сот отурумуна төрагалык кылуучу Б.К.Кетиреңов.
Эске салсак, Нарын облустук сотунда жана Нарын шаардык сотунда онлайн трансляция аркылуу каралган сот отурумдарын https://www.youtube.com/@JOGORKU_SOT/streams каналынын трансляция бөлүгүнө жогорудагы шилтеме аркылуу кирип көрө аласыздар. Ошондой эле, облустук соттун Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маалымат алсаңыздар болот.





