Нарын облусунун административдик сотунун эмгек жааматы 1-октябрь — Улгайган адамдардын күнүнө карата Нарын шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө кайрымдуулук кылышты.
1-октябрь — Карылар күнү катары 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.
Карылар күнүн белгилөөнүн максаты – дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү.
Алгач бул датаны Европада, андан соң Америкада, ал эми 1990-жылдын аягында бүт дүйнө белгилей баштаган. 1-октябрь күнү көптөгөн өлкөлөрдө түрдүү фестивалдар, майрамдар, акциялар өткөрүлөт. Мунун баары улгайган адамдардын укуктарын коргоо, аларга көмөк көрсөтүү үчүн жасалат.