Иш-чараны Нарын облусунун административдик сотунун төрагасы Айбек Хусанов ачып, сот системасында жана укук таануу жаатында кыргыз тилинин колдонулушу, чечендик өнөрдүн мааниси, мамлекеттик тилди урматтоо жана аны колдонуу масштабынын кеңейтилиши, мындан тышкары, «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун сот тармагында ишке ашырылышы жөнүндө кеңири баяндама жасады.
Ошондой эле, Нарын шаарындагы Токтогул атындагы №1 орто мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Нуржан Мукамбетова “Кыргыз тили — адилеттүүлүккө үндөгөн тил” аталышында баяндама кылды.
Ал өз сөзүндө тил элдин чындыкка болгон ишенимин бекемдей турганын белгилеп, кыргыз тили — адилеттиктин мектеби экендиги жөнүндө айтып өттү.
Белгилей кетсек, Нуржан Мукамбетова Манас таануучу, республикалык “Манас” театрынын мүчөсү. Окуучуларды «Манас» эпосу боюнча интеллектуалдык таймаштарга даярдап келет.
Ал аталган соттун кызматкерлерине улуттук баалуулуктар, кыргыз элинин наркы-каадасы жөнүндө маалыматтар камтылган “Уңгу жол улуу мурас” аталышындагы китепти белек кылды.
Ошондой эле, иш чаранын жүрүшүндө Нарын облусунун административдик сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева мамлекеттик тилдин орду жана бүгүнкү күндө улуттук уңгу жолдун мааниси зор экенин белгилеп өттү.
Өз кезегинде Нарын облусунун административдик сотунун төрагасы А.Хусанов баяндамачы Н.Мукамбетовага аталган соттун атынан Ыраазычылык баракчасын тапшырды.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы.














