KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын облусунун сот кызматкерлери үчүн электрондук документ жүгүртүү системасы боюнча боюнча семинар өткөрүлдү

27 февраля 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 27-февралында жергиликтүү сот тутумунун кызматкерлери үчүн Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн залында иш кагаздардын жүргүзүлүшү, “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасы боюнча семинар өткөрүлдү.


Семинар Жогорку сотко караштуу сот департаментинин Нарын облусундагы башкармалыгы тарабынан уюштурулган.


Иш-чарага Нарын облусундагы жергиликтүү соттордун кызматкерлери, сот приставдары катышышты.


Алгач Нарын региондук архив башкармалыгынын документтерди комплектилоо жана ведомстволук архивдердин ишин уюштуруу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Азамат Султаналиев маалымат берди. Ал өз сөзүндө белгилегендей, архивдик документ бланктан башталат. 2020-жылдын 3-мартында КР Өкмөтүнүн  № 120 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы кабыл алынган. Өлкөдөгү мамлекеттик, муниципалдык ишканалар жана мекемелердеги иш кагаздары ушул документтин негизинде жүргүзүлөт.


Өз кезегинде КР Президентинин иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин адиси Кылымбек Абдыкеримов “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасы боюнча презентация жасап, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Аталган электрондук система  мамлекеттик органдардагы, ошону менен катар сот тутумундагы документ жүгүртүү технологиясын өнүктүрүүгө, аларды аткаруу мөөнөттөрүн кыскартууга, ведомстволор аралык өз ара аракеттешүүнү жөнөкөйлөштүрүүгө жана чыгымдарды кыскартууга багытталган.


К. Абдыкеримовдун айтуусунда, “Инфодокстун” колдонулушу кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү жокко чыгарууга багытталып, жарандар менен иштешүүдө документтерди алуу жараянын жөнөкөйлөтүп, заманбап шарттарды түзүүнү көздөйт.


Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Г.Турдалиева.