KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын шаардык сотунда “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна арналган иш-чара өткөрүлдү

14 ноября 2025

Нарын шаардык сотунда өткөн “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна арналган иш-чарага Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Зинат Исакбаева катышып, кыргыз маданиятынын туу чокусу болуп саналган “Манас” эпосунун кыргыз элинин турмушундагы орду, мааниси жана манасчылар тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле, ал өз сөзүндө “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө кеңири маалымат берди.




Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар манасчылык өнөр, кыргыздын улуттук баалуулуктары жөнүндө кызыктуу маалыматтарды алышып, өздөрү кызыккан суроолорду беришти.


 


Мындан тышкары, Нарын шаардык сотунун сот жыйналышынын катчысы Адина Аскарбек кызы “Манас” эпосу жөнүндө баяндама кылып, анда эпостогу негизги фактыларды келтирип, маалымат берди.


 


Эске салсак, сот тутумунда “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу боюнча Жогорку сот тарабынан бекитилген иш-чаралардын планына ылайык, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында жергиликтүү соттордо“Манас” угуу декадасын өткөрүү мерчемделген.


 


Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы.