Кылым карыткан кыргыз прокуратурасы мамлекеттин ишеничтүү таянычы болуу менен доордон доорго өз милдетин татыктуу аткарып келет.
Бул тууралуу Нарын облустук прокуратурасы тарабынан өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын 100 жылдык мааракесинде айтылды.
Иш-чарага Нарын облустук сотунун судьясы Эркин Дүйшеев катышып, кыргыз прокуратурасынын кылымдык мааракеси менен куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин билдирди.
Судья Э.Дүйшеев өз сөзүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу процессиндеги мыйзамдардын бирдей жана кынтыксыз аткарылышына, сакталышына жана туура колдонулушуна көзөмөл жүргүзүүдө прокуратура кызматкерлеринин орду чоң экендигин белгиледи.
Нарын облустук прокуратурасынын улук прокурору Имер Адылбековго Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун «Кызматташтык үчүн» медалы тапшырылса, прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлерине Нарын облустук сотунун Ардак грамоталары ыйгарылды.
Мыйзамдын ишеничтүү сакчылары болушкан Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин 100 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы