Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн залында Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Эркин Дүйшеев катышып, прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин билдирди.
Э. Дүйшеев өз сөзүндө мамлекетибизде мыйзамдуулуктун так аткарылышын көзөмөлдөөдө, укук бузуулар менен кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө прокуратура кызматкерлеринин орду чоң экендигин белгилеп, жылуу куттуктоолорун жолдоду.
Аталган тармактын бир катар кызматкерлерине Нарын облустук сотунун Ардак грамоталары, грамоталары жана Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Мыйзамдын ишеничтүү сакчылары болушкан Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин 101 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы











