KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Кыргыз Республикасындагы БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын Улуттук кеңсесинин башчысы менен жолукту

02 июля 2025

2025-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик иштер боюнча төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук кеңсесинин башчысы Елена Гусева менен жолукту.


Жолугушууда Нургуль Бакирова Кыргыз Республикасында сот бийлиги көзкарандысыз жана калыс иш алып барарын, бул демократиялык, укуктук мамлекеттин негизи болуп эсептелерин белгиледи.



«Сот бийлигинин милдети — жөн гана аткаруу бийлигинин аракеттерине көзөмөл жүргүзүү эмес, ар бир адамдын укуктары корголушуна кепил болуу. Ал адам чет өлкөлүк, жарандыгы жок же туруктуу макамы жок болсо да, анын укуктары сакталышы керек», — деди төраганын орун басары.




Жолугушууда качкындардын татыктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү жана аларга кадимки жашоого кайтып келүүгө жардам берүү жаатында БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы менен мындан ары да кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.




Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын ичинде Бишкек шаарынын Административдик сотуна 47 административдик доо арыз келип түшкөн. Анын ичинен 43 иш каралып, доо канааттандыруудан баш тартылган, төрт иш 2025-жылга калтырылган. Ал эми 21 иш боюнча биринчи инстанция сотунун чечимдери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассациялык тартипте даттанылган. Бул иштердин баарында биринчи инстанциянын соттук актылары күчүндө калтырылган.




2025-жылдын биринчи кварталында сотко 53 административдик иш келип түшкөн. Анын ичинен 10 иш боюнча доону канааттандыруудан баш тартуу чечими чыгарылып, калган 43 иш кийинки отчеттук мезгилге өткөн. Ал эми үч иш боюнча да соттук актылар кассациялык тартипте даттанылып, алар да өзгөртүүсүз калтырылган.




Качкын макамын берүү боюнча арыздар негизинен Афганистандын жарандары тарабынан берилген. Сириянын жарандары тарабынан өтө сейрек берилген. Ошондой эле, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары тарабынан да кайрылуулар болгон учурлар катталган.




Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар пикир алмашып, өз сунуштарын билдиришти. Айрыкча, документтердин жоктугунан билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, башка да кыйынчылыктарга туш болуп жаткан качкын балдардын укуктары өзгөчө белгиленди.




Жолугушууга ошондой эле БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук кеңсесинин укуктук маселелер боюнча адиси Уулкан Айдарова, улук укуктук ассистент Улусбек Эмильбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын бөлүм башчысы Даир Турусбеков жана административдик иштер боюнча соттук коллегиянын ишин камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Айгерим Сариева катышты.


Булак: КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы