KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Нарын облустук сотунун төрагасы Нарын облусундагы жергиликтүү бийликтин эл менен жолугушууларына катышууда

12 мая 2026

Жергиликтүү бийликтин жетекчилери Нарын облусунун тургундары менен жолугушуп, көпчүлүктүн көйгөйлөрүн жеринде угушууда.


Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров 2026-жылдын 11-май жана 12-май күндөрү Ат-Башы районунун жана Ак-Талаа райондорунун тургундары менен жолугушууга катышты.


Ат-Башы айылындагы Чатыр-Көл кинотеатрынын залында өткөн жолугушууга 300гө жакьын жергиликтүү тургун катышып, бийлик өкүлдөрүнө 70ке чамалуу суроо берилип, жооптор алынды.


Андан соң ушундай эле жолугушуу Ак-Талаа районунун Ала-Буга жана Кара-Бүргөн айыл аймактарынын тургундары менен өткөрүлдү.


Азыркы тапта Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын эли менен жолугушуу өтүп жатат. Ага айыл аймагынын курамына кирген Баетов, Терек, Кайыңды-Булак, Байгөнчөк жана Үгүт айылдарынын жашоочулары келишкен. Айыл өкмөттө жалпы 12 миң калк жашайт.


Ар бир жыйындын жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер каралды. Анда Президенттин Жарлыктарынын жана Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жер-жерлерде аткарылышын туруктуу көзөмөлдөө, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.


Мындан тышкары, аймакта мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, жарандардын укуктарын коргоо жана сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу багытындагы иштер талкууланды.


Жыйындын алкагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери дагы көтөрүлдү. Ички иштер органдары жана прокуратура тарабынан коомдук тартипти сактоо, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана кылмыштуулукка каршы алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча милдеттер белгиленди.


Ошондой эле кадрдык саясат маселеси каралып, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана кадрлар резервин кесипкөй адистер менен толуктоо зарылдыгы айтылды.


Мындан сырткары, коррупцияга каршы аракеттенүү багытында бийлик бутактарынын ортосундагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана калктын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин жогорулатуу боюнча сунуш-пикирлер айтылды.


Белгилей кетсек, эл менен жолугушуулар Нарын облусу боюнча жалпы 27 айыл өкмөтүндө жана Нарын шаарында өтөт.


Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы