KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03522 (51532) г.Нарын, ул.Мамбетаалы у.Таранчы 18
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге республикадагы соттордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу жарандардын пикирлери жана сунуштарынын негизинде жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыктары боюнча маалымат берилди.

27 августа 2025

Жогорку соттун басма сөз кызатынын маалыматына караганда, жыйынтыктар угулгандан кийин соттордун ишиндеги белгиленген кемчиликтерди жоюу үчүн кайтарым байланыштын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштар айтылды.


Жыйындын соңунда Медербек Сатыев жарандардын QR-код аркылуу берилген пикирлерине ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтаруу боюнча жергиликтүү соттордун төрагалары менен кеңейтилген онлайн-кеңешме өткөрүүнү тапшырды.


Эске салсак, ушул жылдын февраль айында республика боюнча 72 сотко QR-коду бар маалымат такталары орнотулган. Аталган демилге сотторго кайрылган жарандардын шарттарын жакшыртуу максатында алардын пикирлерин түздөн-түз алуу мүмкүнчүлүгүн жаратты.


Ошондой эле, QR-код аркылуу жарандарга сот органдарынын иши, соттук териштирүүлөрдүн жүрүшү, судьялардын кесипкөйлүгү, сот аппаратынын кызматкерлеринин мамилеси жана сот имаратынын шарттары тууралуу анонимдүү пикир калтырууга мүмкүнчүлүк берилген.


Пикир алмашуунун бул механизми соттордун ишинин сапатын жогорулатууга жана сот органдарынын ачыктыгын камсыздоого багытталган.